![]() | Жаныбек Жанызактын менчик сайты | ИНЖИЛ -Жакандын Жакшы Кабары | жыйнаган: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2004-ж. | ![]() |
Жакан элчи жазган ыйык Инжил Тубаса сокурдун сакайышы (9:1-12) Ыйса бара жатып, бир сокур адамды көрдү. Бу киши тубаса сокур эле. - Устат, өзүнүн күнөөсүнөн улам сокур болуп төрөлгөнбү же ата-энесинин күнөөсүнөнбү? - деп шакирттери ага суроо беришти. - Өзүнүн да, ата-энесинин да күнөөсүнөн эмес, - деди Ыйса аларга жооп берип, - ал аркылуу Кудайдын керемет иши көрүнсүн үчүн ушундай болгон. Күн тийип турганда мени Жибергендин иштерин кылууга тийишмин, эч кандай иш кылууга болбой кала турган караңгы түн келет. Мен бул дүйнөдө экенимде, бул дүйнөнүн жарыгымын. Ыйса ушундай деп, жерге түкүрдү да түкүрүгүнөн ылай жасап, сокурдун көзүнө сүйкөдү. Анан ага: - Силоам көлмөсүнө барып, жуунуп кел! - деди.(Силоам деген сөз Жиберилген дегенди билдирет). Сокур барып жуунду да көзү көрүп кайтты. Ошондо кошуналары менен анын мурда сокур болгонун көргөндөр: "Баягы кайыр сурап отурган киши го бул?" - дешти. Бир даары: "Ооба, ошол экен," - дешсе, бир даары: "Жок ал эмес, жөн эле ошого окшош киши экен", - дешти. Айыккан адамдын өзү болсо: "Ошол кайыр сурап отурган сокур менмин", - деди. Ошондо андан: - Анда кантип көзүң көрүп калды? - деп сурашты. - Ыйса деген киши түкүрүктөн ылай жасап, көздөрүмө сүрттү, анан "Силоам көлмөсүнө барып, жуунуп кел" деди. Жуунуп, мына, көрүп келдим. - А кана ошол киши? - Билбейм. Парызчылдардын айыккан адамды суракка алышы (9:13-34) Мурда сокур болгон бул кишини парызчылдарга алып келишти. Ыйса ылай жасап, анын көзүн ачкан күн - ишемби күнү эле. Парызчылдар да анын кандайча көргөнүн сурашты. - Ошол киши менин көздөрүмө ылай сүйкөдү, мен жууп келип, эми мына көрүп турам, - деп жооп берди ал. Ошондо парызчылдардын кээ бирөөлөрү: "Бул киши Кудайдан эмес, анткени ишемби күндүн эрежесин бузуп жатат", - дешсе башкалары: "кантип күнөөкөр адам ушундай кереметтерди кыла алат?" - дешти. Ошентип, талаш чыкты. Кайрадан сокурдан: - Ошол киши тууралуу өзүң кандай ойдосуң? Ал сенин көзүңдү айыктырбадыбы? - деп сурашты. - А киши пайгамбар, - деп жооп берди сокур. Ошондо, яхудейлер ишенишпей мурда сокур болуп, азыр көзү көрүп калган кишинин ата-энесин чакыртышты. Анан алардан: - Сокур төрөлдү деген балаңар ушулбу? А кандайча ал азыр көрүп калды? - деп сурашты. - Бул биздин балабыз экенин, сокур төрөлгөнүн билебиз. А бирок азыр кандайча көрүп калганын, ким көзүн айыктырганын билбейбиз. Өзү жаш бала эмес ко, өзүнөн сураңыздар, өзү жөнүндө өзү айтып берсин! Ата-энеси яхудей башчыларынан коркконунан ушундай дешти, анткени алар Ыйсаны Машаяк катары тааныган адам синагога коомунан чыгарылсын деген чечим чыгарышкан. Ошондуктан анын ата энеси: "өзү жаш бала эмес ко, өзүнөн сураңыздар" дешти. Ошондо парызчылдар мурда сокур болгон кишини кайрадан чакырып алып: - Кудай алдында ачык айт, биз жанагы кишинин күнөөкөр экенин билебиз, - дешти. - Күнөөкөрбү, жокпу билбейм, билгеним - мен мурда сокур болчумун, азыр болсо көрүп турам. - Айтчы, ал сага эмне кылды? Кантип көзүңдү айыктырды? - Мен сиздерге жообумду айттым, а сиздер болсо укпай койдуңуздар, дагы эмнени уккуңуздар келип жатат? Же сиздер да анын шакирттери болгуңуздар келип жатабы? - Анын шакирти сенсиң, а биз Мусанын шакирттерибиз. Кудай Муса менен сүйлөшкөнүн билебиз. А мунун кайдан экенин билбейбиз! - дешти алар зекире. - Мына ушунуңуздар - анын кайдан экенин билбегениңиздер таң калыштуу экен. Ал болсо менин көздөрүмдү ачып берди. Биз Кудайдын күнөөкөрлөрдү укпасын билебиз. Ким Кудайды урматтап, эркин аткарса, ал ошону угат. Кимдир бирөөнүн тубаса сокурдун көзүн ачкандыгын эч ким, эч качан уккан эмес. А киши Кудайдан келбесе эч нерсе колунан келмек эмес. Ошондо алар: - Эй, сен күнөөнүн натыйжасында төрөлгөнсүң, эми бизди окутмакчысыңбы? - дешти да, аны ибадатканадан кууп чыгышты. Көкүрөгү сокурлар (9:35-41) Ыйса муну укканда ага жолугуп: - Сен Кудай Уулуна ишенесиңби? - деди. - Таксыр, ишенейин, бирок айтыңызчы ал ким? - Аны сен азыр көрүп турасың, ал сени менен сүйлөшүп жатат. Ошондо айыккан адам: - Ишенем, Теңир! - деп, Ыйсага таазим кылды. - Көрбөгөндөр көрүп, көргөндөр сокур болуп калсын деп соттоо үчүн мен бул дүйнөгө келдим, - деди Ыйса. Муну укканда анын жанында турган парызчылдардын бирөөсү: - Эмне, биз да сокурбузбу? - дешти. - Эгер сокур болсоңор, күнөөңөр мойнуңарда болмок эмес, бирок "көзүбүз ачык" деп кекирейгениңерден улам күнөөңөр мойнуңарда кала берет, - деди Ыйса аларга. |
|