| Матай 1
|
1
| Ыйса Машайактын санжырасы: Ал - Дөөттүн Уулу, Ал - Ыбрайымдын Уулу.
|
2
| Ыбрайымдан Ыскак, Ыскактан Жакып, Жакыптан Жүйүт жана дагы башка балдар төрөлгөн.
|
3
| Жүйүт менен Тамардан Перес менен Зерак төрөлгөн. Перестен Хесрон, Хесрондон Рам төрөлгөн.
|
4
| Рамдан Аминадап, Аминадаптан Нахшон, Нахшондон Салмон төрөлгөн.
|
5
| Салмон менен Рахаптан Бууз төрөлгөн. Бууз менен Руттан Обейт төрөлгөн. Обейттен Жышай төрөлгөн.
|
6
| Жышайдан Дөөт падыша төрөлгөн. Дөөттөн Сулайман төрөлгөн. Сулаймандын энеси мурун Урийдин аялы болчу.
|
7
| Сулаймандан Рехабам, Рехабамдан Абиям, Абиямдан Аса,
|
8
| Асадан Жошапат, Жошапаттан Жорам, Жорамдан Узия,
|
9
| Узиядан Жотам, Жотамдан Ахаз, Ахаздан Хиския,
|
10
| Хискиядан Менаше, Менашеден Амон, Амондон Жошия төрөлгөн.
|
11
| Жошиядан Жайаким, Жайакимден Бабылга айдалаарда Жайахин жана анын инилери төрөлгөн.
|
12
| Бабылга айдалып барган соң, Жайахинден Шалем төрөлгөн. Шалемден Зоробабыл,
|
13
| Зоробабылдан Абыйут, Абыйуттан Элийаким, Элийакимден Адзор,
|
14
| Адзордон Садок, Садоктон Аким, Акимден Элийут,
|
15
| Элийуттан Элазар, Элазардан Матан, Матандан Жакып төрөлгөн.
|
16
| Жакыптан Мариямдын күйөөсү Жусуп төрөлгөн. Мариямдан Машайак делген Ыйса төрөлдү.
|
17
| Ошентип, Ыбрайымдан Дөөткө чейин бардыгы он төрт муун, Дөөттөн Бабылга айдалаарга чейин он төрт муун, Бабыл туткундугунан Машайак төрөлгөнгө чейин он төрт муун.
|
18
| Ыйса Машайактын төрөлүшү мындай: Анын энеси Мариям менен Жусуп убадалашып, бирок никеге туралекте Мариямдын Ыйык Рухтан кош бойлуу экени белгилүү болду.
|
19
| Анын күйөөсү Жусуп адил болгондуктан, Мариямды уят кылгысы келбей, жашырын койо бермек болду.
|
20
| Ушинтип ойлогондо, Теңирдин периштеси ага түшүндө көрүнүп, мындай деди: "Жусуп, Дөөттүн уулу! Мариямды аялдыкка алуудан коркпо, анткени анын боюна бүткөн бала Ыйык Рухтан.
|
21
| Ал Уул төрөйт, Анын ысымын Ыйса деп койгун. Анткени Ал Өз элин күнөөлөрүнөн куткарат".
|
22-23
| Булардын баары Теңирдин Ышайа пайгамбар аркылуу: "Кыз кош бойлуу болуп, Уул төрөйт, анын ысымын Эмануел деп коюшат" -
|
| деп айткан сөзүнүн аткарылышы үчүн болду. Бул ысым "Кудай биз менен" деп которулат.
|
24
| Жусуп ойгонуп, Теңирдин периштеси буйругандай кылды. Ал Мариямды аялдыкка алды.
|
25
| Бирок Мариям тун Уулун төрөгүчө, Жусуп ага жакындаган жок. Уул төрөлгөндө, Жусуп Анын ысымын Ыйса деп койду.
|