10-БӨЛҮМ
Ыйсанын он эки шакиртин кызматка жибериши
(Мк.6,7-13;Лк.9,1-6)
|
1 Ыйса он эки шакиртин чакырып алып, аларга ар түрдүү ооруларды, ар кандай кеселдерди айыктырууга жана жиндерди кууп чыгарууга бийлик берди. | |
2 Он эки элчинин ысымдары мындай: Петир деген ысым коюлган Шымон жана анын бир тууганы Андрей, Зебедейдин уулдары Жакып менен Жакан, | |
3 Филип жана Барталамей, Томас жана салык жыйноочу Матай, Алпей уулу Жакып жана Тадай деген да ысымы бар Леби, | |
4 кааналык Шымон жана Ыйсага чыккынчылык кылган Жүйүт Искариот. | |
5 Он эки шакиртин жиберип жатып, Ыйса мындай буйрук берди: "Бутпарастардын жерине барбагыла, самариялыктардын шаарларына кирбегиле. | |
6 Адегенде Ысрайыл элинин адашкан койлоруна баргыла. | |
7 Барганыңарда, Асман Падышачылыгынын жакындаганын жарыялагыла. | |
8 Оорулууларды, пес оорулууларды айыктыргыла, өлгөндөрдү тирилткиле, жиндерди кууп чыгаргыла. Бекер алдыңарбы, бекер бергиле. | |
9 Белиңерге алтын да, күмүш да, жез тыйын да түйүп албагыла. | |
10 Жолго түйүнчөк да, эки сыйра кийим да, чарык да, таяк да албагыла. Анткени эмгектенген адам ичип-жегенге акылуу. | |
11 Кайсы гана шаарга же кыштакка барбагыла, ал жерден ылайыктуу бирөөнү сураштырып таап, кеткениңерче, ошонукунда калгыла. | |
12 Үйгө киргенде, саламдашып: "Бул үйгө тынчтык келсин!" - дегиле. | |
13 Эгерде ал үйдө тынчтыкты кабыл алууга татыктуулар болсо, тынчтыгыңар аларга келет. Эгерде татыктуулар жок болсо, тынчтыгыңар өзүңөргө кайтып келет. | |
14 Ал эми ким силерди кабыл албаса жана сөзүңөргө кулак салбаса, ал үйдөн же ал шаардан чыгып бара жатканыңарда, бутуңардагы чаңды күүп койгула. | |
15 Силерге чындыкты айтып коеюн, сот күнү ал шаарга караганда Содом менен Амор шаарларына жеңилирээк болот. | |
16 Мен силерди карышкырлардын арасына койлорду кое берген сыяктуу жиберип жатамын. Ошондуктан жыландай акылдуу, көгүчкөндөй жөнөкөй болгула. | |
17 Адамдардан сак болгула, анткени алар силерди сотко беришет жана синагогаларында уруп-сабашат. | |
18 Мен үчүн силерди башчылардын жана падышалардын алдына алып барышат. Ошентип, силер аларга жана бутпарастарга Мен жөнүндө күбөлөндүрөсүңөр. | |
19 Силерди кармап беришкенде, "Эмнени айтабыз, кантип айтабыз?" деп тынчсызданбагыла. Эмнени айтуу керек болсо, ошол учурда силерге берилет. | |
20 Анткени силер эмес, силер аркылуу Атаңардын Руху сүйлөйт. | |
21 Бир тууган бир тууганын, атасы баласын өлүмгө кыят. Балдары ата-энелерине каршы чыгып, аларды өлтүрүшөт. | |
22 Менин ысымым үчүн баарына жек көрүндү болосуңар. Ким акырына чейин чыдаса, ал куткарылат. | |
23 Силерди бир шаардан кубалашса, башка шаарга качкыла. Силерге чындыкты айтып коеюн, силер Ысрайылдын бардык шаарларын айланып чыкканыңарча эле, Адам Уулу келип калат. | |
24 Шакирт өз устатынан, кул өз кожоюнунан жогору эмес. | |
25 Шакиртке өзүнүн устатындай, кулга өзүнүн кожоюнундай болуу жетиштүү. Эгерде үй ээсин Белзебул дешсе, анда үйдөгүлөрүнө андан бетер жаман айтышпайбы! | |
26 Ошондуктан алардан коркпогула. Анткени ачылбай калчу жашыруун эч нерсе жок, билинбей калчу эч бир сыр жок. | |
27 Силерге караңгылыкта айтканымды силер жарыкта айткыла. Акырын айтканымды там үстүнөн жарыялагыла. | |
28 Денени өлтүрүп, бирок жанды өлтүрө албагандардан коркпогула. Жанды да, денени да оттуу көлдө өлтүрө ала тургандан корккула. | |
29 Эки таранчы бир ассарийге эле сатылат эмеспи. Бирок Атаңардын эркисиз алардын бири да өлбөйт. | |
30 Ал эми силердин башыңардагы чачыңар да саналуу. | |
31 Ошондуктан коркпогула, силер топ таранчыдан кымбатсыңар. | |
32 Ким Мени адамдардын алдында ачык тааныса, Мен да аны асмандагы Атамдын алдында ачык тааныйм. | |
33 Ким адамдардын алдында Менден баш тартса, Мен да асмандагы Атамдын алдында андан баш тартам. | |
34 Мени жер үстүнө тынчтык алып келди деп ойлобогула. Мен тынчтык эмес, кылыч алып келдим. | |
35 Анткени Мен баланы атасынан, кызды энесинен, келинди кайненесинен бөлүү үчүн келдим. | |
36 Адамдын душманы - өз үйүндөгүлөрү. | |
37 Ким атасын же энесин Менден артык сүйсө, ал Мага татыктуу эмес. Ким уулун же кызын Менден артык сүйсө, ал Мага татыктуу эмес. | |
38 Ким Мени өз айкаш жыгачын алып ээрчибесе, ал Мага татыктуу эмес. | |
39 Ким өз жанын аяса, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ал эми ким Мен үчүн өз жанынан ажыраса, ал аны сактап калат. | |
40 Ким силерди кабыл алса, ал Мени кабыл алган болот. Ким Мени кабыл алса, ал Мени жиберген Кудайды кабыл алган болот. | |
41 Ким пайгамбарды пайгамбар катары кабыл алса, ал пайгамбардыкындай сыйлык алат. Ким такыбааны такыбаа катары кабыл алса, ал такыбааныкындай сыйлык алат. | |
42 Ким Менин ушул жөнөкөй шакирттеримдин бирине, ал Менин шакиртим болгону үчүн, бир чөйчөк муздак суу берсе, силерге чындыкты айтып коеюн, ал сыйлыксыз калбайт". | |