Жаныбек
Жанызактын
менчик сайты

ИНЖИЛ -Матайдын Жакшы Кабары 

жыйнаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2004-ж.
 


11-БӨЛҮМ
Чөмүлдүрүүчүнүн суроосу, Ыйсанын жообу
(Лк.7,18-23)
1    Ыйса Өзүнүн он эки шакиртине акыл-насаат айткандан кийин, элди окутуу үчүн, башка шаарларга жөнөп кетти.
2    Түрмөдө жаткан Жакан Машайактын иштери жөнүндө укканда, шакирттерин жиберип,
3    Андан: "Келиши керек болгон Сенсиңби же башканы күтөлүбү?" - деп суратты.
4    Ыйса аларга мындай деп жооп берди: "Баргыла да, уккан-көргөнүңөрдү Жаканга айтып бергиле.
5    Сокурлар көрүп, майыптар басып, пес оорулуулар айыгып, дүлөйлөр угуп, өлгөндөр тирилип, жакырларга Жакшы Кабар айтылып жатат.
6    Менден шектенбеген адам бактылуу".


Ыйсанын чөмүлдүрүүчү жөнүндө күбөлөндүрүүсү
(Лк.7,24-35)
7    Жакандын шакирттери кеткенден кийин, Ыйса элге Жакан жөнүндө айта баштады. "Ээн талаага эмне көргөнү бардыңар эле? Желге ыргалган камыштыбы?
8    Деги, силер эмнени көргөнү бардыңар эле? Кымбат баалуу кийим кийген адамдыбы? Кымбат баалуу кийим кийгендер хан сарайларда болот эмеспи!
9    Деги, силер эмнени көргөнү бардыңар эле? Пайгамбардыбы? Силерге айтып коеюн, ал пайгамбардан да чоң.
10    Анткени "Мына, Мен Сенин алдыңдан Өзүмдүн периштемди1(же: элчимди) жиберип жатам. Ал Сенин алдыңдагы жолуңду даярдайт" деген сөз ошол жөнүндө жазылган болчу.
11    Силерге чындыкты айтып коеюн, аялзатынан төрөлгөндөрдүн арасында чөмүлдүрүүчү Жакандан чоңу болгон эмес. Бирок Асман Падышачылыгындагылардын эң кичинеси андан чоң.
12    Чөмүлдүрүүчү Жакандын убагынан ушул убакка чейин Асман Падышачылыгы күч менен алынып келе жатат, ага күч жумшагандар ээ болушат.
13    Анткени пайгамбарлардын китептеринде жана мыйзамда Жаканга чейин эле алдын ала айтылып келген.
14    Эгерде кабыл алгыңар келсе, келиши керек болгон Илияс ошол.
15    Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун!
16    Бул муунду кимге окшоштурсам экен? Бул муун көчөдө отуруп алып, өздөрүнүн досторуна:
17    "Биз силерге чоор тартып бердик, бирок силер бийлеген жоксуңар. Биз силерге муңдуу ырларды ырдап бердик, бирок силер боздоп ыйлаган жоксуңар", - деп кайрылган балдарга окшош.
18    Анткени Жакан келди, ал жебейт, ичпейт. Ал жөнүндө: "Анын ичинде жин бар", - деп айтып жатышат.
19    Адам Уулу келди, Ал жейт, ичет. Ал жөнүндө: "Ал тамак жегенди, шарап ичкенди жакшы көрөт, салык жыйноочулар жана күнөөкөрлөр менен дос", -деп айтып жатышат. Акылмандуулук өз иштери менен акталды".


Ыйсанын тобо кылбаган шаарларды айыптоосу
(Лк.10,12-15)
20    Ыйса кайсы шаарларда Өзүнүн кереметтерин көп көрсөтсө, ошол шаарларды тобо кылышпагандыгы үчүн айыптай баштады:
21    "Хоразин, сага кайгы! Бетсайида, сага кайгы! Эгерде силерде көрсөтүлгөн кереметтер Тир менен Сидондо көрсөтүлсө, анда алар эчак эле зумбал кийип, күлгө отуруп, тобо кылышмак.
22    Бирок силерге айтып коеюн, сот күнүндө силерге караганда, Тир менен Сидонго жеңилирээк болот.
23    Ал эми сен, Капернаум, асманга көтөрүлмөкчүсүңбү? Сен өлгөндөр жаткан жайга чейин төмөн түшөсүң. Эгерде сенде көрсөтүлгөн кереметтер Содомдо көрсөтүлгөн болсо, анда ал бүгүнкү күнгө чейин бар болмок.
24    Бирок силерге айтып коеюн, сот күнүндө бул шаарга караганда, Содомго жеңилирээк болот".


Атаны даңктоо
(Лк.10,21-22)
25    Ыйса сөзүн андан ары улантып, мындай деди: "Ата, асман менен жердин Теңири! Муну даанышмандар менен акылмандардан жашырып, наристелерге ачып бергениң үчүн Сени даңктайм!
26    Ооба, Ата! Анткени Сенин тилегиң ушундай болчу.
27    Мага бардыгын Атам берген. Уулду Атадан башка эч ким билбейт. Атаны Уулдан башка жана Уул кимдерге ачып бергиси келсе, ошол адамдардан башка эч ким билбейт.


Ыйсанын чарчап-чаалыккандар менен түйшүк тарткандарды Өзүнө чакыруусу
28    Чарчап-чаалыккандар жана түйшүк тарткандар, баарыңар Мага келгиле, Мен силерге тынчтык берем.
29    Менин моюнтуругумду алып, Менден үйрөнгүлө, анткени Мен жоошмун жана момунмун. Ошондо жаныңарга тынчтык табасыңар.
30    Анткени Менин моюнтуругум жакшы, жүгүм жеңил".




Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz