12-БӨЛҮМ
Жүйүттөрдүн ишемби күн жөнүндөгү мыйзамдары
(Мк.2,23-28;Лк.6,1-5;Жкн.5,1)
1 Ишемби күндөрүнүн биринде Ыйса эгин талаасы менен кетип бара жаткан. Ачка болгон шакирттери буудай үзүп жей башташты.
|
2 Муну көргөн фарисейлер Ыйсага: "Мына, Сенин шакирттериң ишемби күнү кылууга болбой турган ишти кылып жатышат", - дешти. | |
3 Ошондо Ыйса аларга мындай деди: "Өзү жана жанындагылар ачка болгондо, Дөөттүн эмне кылганы жөнүндө окуган жок белеңер? | |
4 Дөөт Кудай үйүнө кирип, ыйык кызмат кылуучулардан башка эч кимге жегенге болбой турган нан курмандыгын жеген. | |
5 Ишемби күндөрү ийбадатканада ыйык кызмат кылуучулар ишемби күндү бузушса да, күнөөлүү болбостугу жөнүндө мыйзамдан окуган жок белеңер? | |
6 Силерге айтып коеюн, бул жерде ийбадатканадан чоң Бирөө бар. | |
7 Эгерде силер "Мен курмандыктарды эмес, ырайымдуулукту каалайм" деген сөздү түшүнсөңөр, айыпсыздарды айыптабас элеңер. | |
8 Анткени Адам Уулу - ишемби күндүн да кожоюну". | |
Бир колу шал болуп калган адамдын ишемби күнү айыктырылуусу
(Мк.З,1-6;Лк.6,6-11)
|
9 Ал жерден кетип бара жатып, Ыйса алардын синагогасына кирди. | |
10 Ошол жерде бир колу шал болуп калган адам бар эле. Фарисейлер Аны айыптоо үчүн: "Ишемби күнү оорулууну айыктырууга болобу?" - деп сурашты. | |
11 Ыйса аларга мындай деди: "Ишемби күнү бирөөңөрдүн жалгыз коюңар чуңкурга түшүп кетсе, барып, аны чыгарып албайт белеңер? | |
12 Койго караганда, адам канча эсе баалуу! Демек, ишемби күнү жакшылык кылууга болот". | |
13 Анан тиги адамга: "Колуңду сунчу!" - деди. Ал колун сунду. Ошондо анын колу айыгып, экинчи колундай болуп калды. | |
14 Фарисейлер болсо сыртка чыгып, Ыйсаны өлтүрүү жөнүндө кеңешишти. Ыйса муну билип, ал жерден кетип калды. | |
Ыйса - Кудайдын момун кулу (Мк.3,7-12)
|
15 Ошондо Ыйсаны көп адам ээрчип алды. Ыйса алардын баарын айыктырып, | |
16 Өзү жөнүндө башкаларга жарыялоого катуу тыюу салды. | |
17 Ышайа пайгамбар аркылуу айтылган бул сөздүн аткарылышы үчүн ушундай болду: | |
18 "Мына, Менин тандап алган Кулум, Менин Сүйүктүүм, Мен Ага ыраазымын. Мен Ага Өзүмдүн Рухумду берем, Ал элдерге акыйкаттыкты жар салат. | |
19 Ал кыйкырбайт, үнүн көтөрбөйт, көчөдөн Анын үнүн укпайсың. | |
20 Акыйкаттыкты жеңишке жеткирмейинче, чала сынган камышты сындырып салбайт, түтөп жаткан чырактын билигин өчүрүп салбайт. | |
21 Анын ысымына элдер үмүттөнүшөт". | |
Жин оорулуу адамдын айыгышы.
Фарисейлердин Кудайга акаарат келтириши
(Мк.З,22-30;Лк.11,14-23)
|
22 Андан кийин Ыйсага жин оорулуу, сокур, дудук бир адамды алып келишти. Ыйса ал адамды айыктырды, анын тили сүйлөп, көзү көрүп калды. | |
23 Элдин баары таң калып: "Дөөттүн Уулу Машайак ушул эмеспи?" - дешти. | |
24 Муну уккан фарисейлер: "Жиндерди Ал жиндердин башчысы Белзебулдун күчү менен кууп чыгарып жатат", - дешти. | |
25 Ыйса алардын оюн билип, мындай деди: "Ич ара бөлүнгөн падышачылык кулайт. Ич ара бөлүнгөн шаар кыйрайт, ич ара бөлүнгөн үй-бүлө бузулат. | |
26 Эгерде шайтан шайтанды кууп чыгарып жатса, анда ал өзүнө өзү каршы чыгып жаткан экен да?! Анда анын падышачылыгы кантип турат? | |
27 Эгерде Мен жиндерди Белзебулдун күчү менен кууп чыгарып жаткан болсом, анда силердин уулдарыңар кимдин күчү менен кууп чыгарып жатышат? Ошондуктан силерди ошолор айыпташат. | |
28 Эгерде Мен жиндерди Кудайдын Руху менен кууп чыгарып жаткан болсом, анда силерге Кудайдын Падышачылыгы келди. | |
29 Күчтүү адамды байлап салмайынча, үйүнө кирип, мал-мүлкүн уурдоо мүмкүнбү? Аны байлап салгандан кийин гана үйүн тоноого болот. | |
30 Ким Мени менен болбосо, ал Мага каршы. Ким Мени менен бирге жыйнабаса, ал чачат. | |
Ыйык Рухтун иштерин шайтандыкы деп эсептөө - кечирилгис күнөө
(Мк.3,29-30)
|
31 Ошондуктан силерге айтып коеюн, ар бир күнөө жана акаарат сөздөр кечирилет, бирок Рухка каршы айтылган акаарат сөздөр кечирилбейт. | |
32 Ким Адам Уулуна каршы сөз айтса, анын бул күнөөсү кечирилет. Ал эми ким Ыйык Рухка каршы сөз айтса, анын бул күнөөсү бул кылымда да, келечек кылымда да кечирилбейт. | |
Ар бир сөз үчүн жооп берүү
|
33 Даракты да, жемишин да жакшы деп эсептегиле. Же даракты да, жемишин да жаман деп эсептегиле. Анткени дарак жемишинен билинет. | |
34 Жылан тукумдары! Жаман болуп туруп, жакшы сөздү кантип сүйлөмөк элеңер? Жүрөк эмнеге толсо, ооздон ошол чыгат. | |
35 Жакшы адам жакшы казынасынан жакшылык алып чыгат. Жаман адам жаман казынасынан жамандык алып чыгат. | |
36 Силерге айтып коеюн, адамдар ар бир куру сөзү үчүн сот күнү жооп беришет. | |
37 Анткени өз сөзүң менен акталасың, өз сөзүң менен айыпталасың". | |
Ыйсанын керемет талап кылган фарисейлерди айыпташы
(Лк.11,29-44)
|
38 Ошондо мыйзам окутуучулар менен фарисейлердин кээ бирөөлөрү мындай дешти: "Устат, Сенин бизге бир жышаан көрсөтүшүңдү каалайбыз". | |
39 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: "Бузулган, жаман муун жышаан көргүсү келет. Бирок ага Жунус пайгамбардын жышаанынан башка жышаан көрсөтүлбөйт. | |
40 Жунус пайгамбар үч күн, үч түн чоң балыктын ичинде болгондой эле. Адам Уулу да үч күн, үч түн жер ортосунда болот. | |
41 Нинеби эли сот күнү бул муун менен бирге тирилип, бул муунду айыптайт. Анткени нинебиликтер Жунустун насаат сөзүн угуп тобо кылышкан. Бирок бул жерде Жунустан чоң Бирөө бар. | |
42 Түштүктүк падыша аял сот күнү бул муун менен бирге тирилип, бул муунду айыптайт. Сулаймандын накыл сөздөрүн угуш үчүн, ал падыша аял дүйнөнүн бир четинен келген. Бирок бул жерде Сулаймандан чоң Бирөө бар. | |
Жыгылуудан сак болуу
(Лк.11,24-26)
|
43 Жин адамдын ичинен чыккандан кийин, тынчтык издеп, кургак жерлерди кыдырат, бирок таппайт. | |
44 Ошондо: "Чыккан жериме, өз үйүмө кайтайын", - дейт. Үйүнө келип, анын бош экенин, шыпырылып, жыйналганын көрөт. | |
45 Анан барат да, өзүнөн да ашынган жети жинди ээрчитип келет. Бардыгы ал үйгө кирип, жашай башташат. Ошондо ал адамдын абалы мурункусунан да жаман болот. Бул жаман муунга да ошондой болот". | |
Ыйсанын чыныгы туугандары ким?
(Мк.З,31-35;Лк.8.19-21)
|
46 Ыйса элге сүйлөп жаткан маалда, энеси менен бир туугандары Аны менен сүйлөшүш үчүн, сыртта күтүп турушту. | |
47 Ошондо кимдир бирөө: "Энең менен бир туугандарың Сени менен сүйлөшүш үчүн, сыртта турушат", - деди. | |
48 Ыйса муну айткан адамга: "Менин энем ким? Бир туугандарым ким?" -деди да, | |
49 шакирттерин көрсөтүп: "Мына, Менин энем, Менин бир туугандарым. | |
50 Ким Менин Асмандагы Атамдын эркин аткарса, ошол Менин иним, карындашым, энем", - деп жооп берди. | |