13-БӨЛҮМ
Асман Падышачылыгы жөнүндө жети икая.
Үрөн себүүчү
(Мк.4,1-25;Лк.8,4-18)
|
1 Ошол күнү Ыйса үйдөн чыгып, көлдүн жээгине барып отурду. | |
2 Жанына көп эл чогулуп калгандыктан, Ал кайыкка түштү. Эл болсо жээкте турду. | |
3 Ошондо Ыйса аларга икаялар менен көп насаат айтты. Ал мындай деди: "Себүүчү үрөн себүү үчүн чыкты. | |
4 Ал сээп жатканда, кээ бир үрөндөр жол боюна түштү. Канаттуулар учуп келип, аларды терип жеп кетишти. | |
5 Кээ бир үрөндөр топурагы аз, таштак жерге түштү. Жердин кыртышы жука болгондуктан, алар тез эле өнүп чыкты. | |
6 Бирок күн чыкканда, соолуп, терең тамырлай албай, куурап калды. | |
7 Кээ бир үрөндөр тикенектин арасына түштү. Тикенектер өсүп, аларды басып салды. | |
8 Кээ бир үрөндөр жакшы топуракка түшүп, бири жүз эсе, бири алтымыш эсе, бири отуз эсе түшүм берди. | |
9 Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун!" | |
10 Шакирттери жакын келип, Ыйсадан: "Эмне үчүн Сен аларга икаялар менен сүйлөп жатасың?" - деп сурашты. | |
11 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: "Силерге Асман Падышачылыгынын сырларын таанып билүү мүмкүнчүлүгү берилди, аларга болсо берилген жок. | |
12 Анткени кимде бар болсо, ага дагы берилет, анда мол болот. Ал эми кимде жок болсо, андан бар нерсеси да тартылып алынат. | |
13 Аларга икаялар менен сүйлөгөнүмдүн себеби: алар карап турушса да көрүшпөйт, угуп турушса да угушпайт жана түшүнүшпөйт. | |
14 Ышайанын алар жөнүндө айткан бул пайгамбарчылыгы аткарылып жатат: "Кулагыңар менен угуп турасыңар, бирок түшүнбөйсүңөр; көзүңөр менен карап турасыңар, бирок көрбөйсүңөр. | |
15 Анткени бул элдин көкүрөгү сокур болуп калган, кулагын жаап, көзүн жуумп алган, ошондуктан алардын көздөрү көрбөйт, кулактары укпайт, түшүнүшпөйт жана айыгыш үчүн Мага кайрылышпайт". | |
16 Ал эми силер көзүңөр менен көрүп, кулагыңар менен угуп турганыңар үчүн бактылуусуңар. | |
17 Силерге чындыкты айтып коеюн, көп пайгамбарлар жана адил адамдар силер көргөндү көрүүнү каалашкан, бирок көрүшкөн жок. Силер укканды угууну каалашкан, бирок угушкан жок. | |
18 Эмесе, себүүчү жөнүндөгү икаянин маанисин угуп алгыла. | |
19 Асман Падышачылыгы жөнүндөгү сөздү угуп, бирок түшүнбөгөн адамга амалкөй келет да, анын жүрөгүнө себилгенди уурдап кетет. Жол боюна түшкөн үрөн мына ушуну билдирет. | |
20 Таштак жерге түшкөн үрөн муну билдирет: адам сөздү угат да, дароо кубаныч менен кабыл алат. | |
21 Бирок сөз анын жүрөгүндө терең тамырлай албагандыктан, ал адам туруксуз болот. Сөз үчүн кайгы же куугунтук болгондо, ал дароо баш тартып кетет. | |
22 Тикенектин арасына түшкөн үрөн муну билдирет: адам сөздү угат, бирок бул дүйнөнүн түйшүгү жана байлыкка азгырылуу сөздү басып салат да, сөз жемиш бербей калат. | |
23 Жакшы жерге түшкөн үрөн сөздү угуп, түшүнгөн адамды билдирет. Ал жүз эсе, же алтымыш эсе, же отуз эсе түшүм берет". | |
Буудайдын арасындагы отоо чөптөр
|
24 Ыйса аларга дагы башка икая айтты: "Асман Падышачылыгын бул нерсеге салыштырууга болот: бир адам өз талаасына жакшы үрөн септи. | |
25 Эл уйкуда жатканда, анын душманы келип, буудай арасына отоо чөптүн уругун сээп кетти. | |
26 Буудай баш алып калганда, отоо чөптөр да өсүп чыкты. | |
27 Ошондо үй ээсинин кулдары келип: "Кожоюн, сен талааңа жакшы үрөн сеппедиң беле? Бул отоо чөптөр кайдан пайда болду?" - деп сурашты. | |
28 "Муну душман кылды", - деп жооп берди үй ээси. Кулдары: "Эгерде кааласаң, биз барып, аларды жулуп таштайбыз", - дешти. | |
29 Бирок үй ээси: "Жок. Отоо чөптөрдү жулам деп, буудайды кошо жулуп аласыңар. | |
30 Тим койгула, орок маалына чейин экөө чогуу өсө берсин. Орок маалы келгенде, мен орокчуларга: "Адегенде отоо чөптөрдү оргула да, боо-боо кылып байлап, өрттөп жибергиле. Буудайды болсо менин кампама жыйнагыла", - деп айтам", - деди". | |
Сары кычы даны
(Мк.4,30-32;Лк.13,18-19)
|
31 Ыйса аларга дагы мындай икая айтты: "Асман Падышачылыгы талаага себилген сары кычы данына окшош. | |
32 Ал уруктардын ичинен эң кичинекейи болсо да, өсүп чыкканда, бардык өсүмдүктөрдөн чоң болуп, даракка айланат. Канаттуу куштар учуп келип, анын бутактарына корголошот". | |
Ачыткы
(Лк.13,20-21)
|
33 Ыйса аларга дагы мындай икая айтты: "Асман Падышачылыгы камыр ачытыш үчүн, үч ченем унга салынган ачыткыга окшош". | |
34 Ыйса булардын баарын элге икаялар менен айтты. Ал икаясыз сүйлөчү эмес. | |
35 Пайгамбар аркылуу айтылган сөздүн аткарылышы үчүн ушундай болду: "Менин оозумдан накыл сөздөр чыгат. Дүйнө жаратылгандан бери жашыруун болуп келе жаткан сырларды айтып берем". | |
Экинчи икаянын чечмелениши
|
36 Ыйса элди таратып жиберип, үйгө кирди. Ошондо шакирттери жанына келип: "Талаадагы отоо чөптөр жөнүндөгү икаянын маанисин бизге түшүндүрүп берчи", -дешти.
| 37 Ыйса мындай деп жооп берди: "Жакшы үрөн сепкен адам - бул Адам Уулу.
| 38 Талаа болсо - дүйнө. Жакшы үрөн - Асман Падышачылыгынын уулдары, отоо чөптөр - шайтандын уулдары. | |
39 Отоо чөптөрдү сепкен душман - бул шайтан. Орок маалы - дүйнөнүн акыры, орокчулар болсо - периштелер. | |
40 Отоо чөптөр орулуп, өрттөлгөндөй эле, бул дүйнөнүн акырында да ушундай болот. | |
41 Адам Уулу Өз периштелерин жиберет. Алар күнөөгө түрткөн бардык нерсени жана мыйзамсыздык кылгандарды Анын Падышачылыгынан алып, | |
42 жалындап күйүп турган отко ыргытат. Ал жерде ый жана тиш кычыратуу болот. | |
43 Ошондо адил адамдар өздөрүнүн Атасынын Падышачылыгында күн сыяктуу жаркырашат. Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун! | |
Жашырылган казына
| 44 Асман Падышачылыгы талаада жашырылган казынага да окшош: бир адам аны таап алып, кайра жашырып койду. Барып, кубанганынан колунда болгондун баарын сатты да, ал талааны сатып алды. | |
Бермет
| 45 Асман Падышачылыгы асыл бермет издеген соодагерге да окшош: | |
46 күндөрдүн биринде ал кымбат баалуу берметти тапты. Анан барып, колунда болгондун баарын сатты да, ал берметти сатып алды. | |
Тор
| 47 Асман Падышачылыгы ар кандай балыктарды кармаган чоң торго да окшош. | |
48 Тор балыкка толгондо, аны жээкке тартып чыгарышат да, отуруп алып, жакшы балыктарды идиштерге салып алышат, ал эми жамандарын ыргытып жиберишет. | |
49 Дүйнөнүн акырында да ушундай болот: периштелер келип, адилетсиздерди адилеттүүлөрдөн бөлүп алып, | |
50 жалындап күйүп турган отко ыргытышат. Ал жерде ый жана тиш кычыратуу болот". | |
51 Ыйса шакирттеринен: "Булардын баарын түшүндүңөрбү?" - деп сурады. Алар Ага: "Түшүндүк", - деп жооп беришти. | |
52 Ошондо Ал шакирттерине: "Ошондуктан Асман Падышачылыгы жөнүндө насаат алган ар бир мыйзам окутуучу өз казынасынан жаңыны да, эскини да алып чыккан үй ээсине окшош", -деди. | |
Ыйсанын Назаретке кайтып келиши
(Мк.6,1-6;Лк.4,16-32)
| 53 Ыйса бул икаяларды айтып бүткөндөн кийин, ал жерден кетти. | |
54 Өз жерине келип, синагогаларда элди окута баштады. Эл таң калып, мындай деп айтып жатты: "Мындай акыл менен мындай күчтү Ал кайдан алган? | |
55 Бул жыгач устанын эле уулу эмеспи? Мунун энесинин ысымы Мариям, бир туугандары болсо Жакып, Жусуп, Шымон жана Жүйүт эмеспи. | |
56 Карындаштарынын баары биздин арабызда эле жүрүшөт го. Ал мындай акыл менен мындай күчтү кайдан алган?" | |
57 Ошентип, алар Ыйсаны кабыл алгылары келген жок. Ыйса болсо аларга: "Пайгамбар өз жеринен, өз үйүнөн башка жерде урматталат", - деди. | |
58 Алардын ишенбестигинен улам, Ыйса ал жерде кереметтерди көп көрсөткөн жок. | |
| |