14-БӨЛҮМ
Чөмүлдүрүүчү Жакандын өлтүрүлүшү
(Мк.6,14-29;Лк.З,19-20; 9,7-9)
|
1 Ошол күндөрү дубан акими Ирод Ыйса жөнүндө угуп, | |
2 өз карамагындагы адамдарына: "Бул - чөмүлдүрүүчү Жакан. Ал тирилиптир, ошондуктан кереметтерди көрсөтүп жатат", - деди. | |
3 Ирод өзүнүн бир тууганы Филиптин аялы Иродия үчүн Жаканды байлатып, түрмөгө отургузган эле. | |
4 Анткени Жакан ага: "Бул аялды албашың керек болчу", - деп айткан. | |
5 Ирод Жаканды өлтүргүсү келген, бирок элден корккон. Анткени эл аны пайгамбар деп эсептечү. | |
6 Ироддун туулган күнү белгиленип жатканда, Иродиянын кызы ортого чыгып бийлеп берди. Анын бийлегени Иродго жагып калгандыктан, | |
7 ал эмнени гана сурабасын, берерин айтып, ант берди. | |
8 Кыз болсо энесинин үйрөтүүсү боюнча: "Мага азыр чөмүлдүрүүчү Жакандын башын идишке салдырып келип бер", - деди. | |
9 Буга падыша капа болду. Бирок конокторунун алдында ант берип койгондугу үчүн, анын сураганын орундатууну буйруду. | |
10 Жакандын башын алууга түрмөгө киши жиберди. | |
11 Идишке салынган башты кызга алып келип беришти, кыз болсо аны энесине алып барып берди. | |
12 Шакирттери келип, анын сөөгүн коюшту. Андан кийин алар барып, Ыйсага кабарлашты. | |
13 Ыйса муну укканда, Өзү жалгыз кайыкка түшүп, ээн жерге сүзүп кетти. Бул жөнүндө уккан адамдар өз шаарларынан чыгып, Анын артынан жөө ээрчишти. | |
14 Жээкке чыгып, Ыйса чогулган көп элди көрдү. Аларга боору ооруп, оорулууларын айыктырды. | |
Беш миң адамды тойгузуу
(Мк.6,30-44; Лк.9.10-17; Жкн.6,1-14)
|
15 Кеч киргенде, шакирттери Ыйсанын жанына келип: "Бул ээн жер экен, кеч да болуп кетти. Элди тарат, айылдарга барып, өздөрүнө тамак-аш сатып алышсын", - дешти. | |
16 Ошондо Ыйса аларга: "Элди таратуунун кереги жок, аларга тамак-ашты силер бергиле", - деди. | |
17 Алар Ага: "Бизде беш нан, эки балык эле бар", - дешти. | |
18 Ошондо Ыйса: "Аларды бул жерге, Мага алып келгиле", - деди. | |
19 Элге чөпкө отурууну буйругандан кийин, Ал беш нан менен эки балыкты алды да, асманды карап, Кудайга ыраазычылык билдирди. Нандарды сындырып, шакирттерине берди, алар болсо элге таратышты. | |
20 Бардыгы тойо жешти. Артып калган нандарды чогултканда, он эки себет толду. | |
21 Аялдар менен бала-бакыраны эсептебегенде, тамактангандардын саны беш миңге жакын эле. | |
Ыйсанын суу үстүндө басышы
(Мк.6,45-56;Жкн.6,15.21)
|
22 Ошондон кийин Ыйса Өзүнүн шакирттерине: "Кайыкка түшүп, Менден мурун наркы өйүзгө өтө бергиле", - деп буйруду. Өзү болсо элди таратыш үчүн калып калды. | |
23 Элди таратып жибергенден кийин, Өзү жалгыз сыйынуу үчүн, тоого чыкты. Түн ортосуна чейин Ыйса ал жерде жалгыз болду. | |
24 Ал убакта кайык көлдүн ортосуна жетип калган эле. Карама-каршы тараптан шамал соккондуктан, толкун кайыкты ары-бери чайпап жатты. | |
25 Түнкү төртүнчү күзөт убагында Ыйса көлдүн үстү менен басып, аларга келди. | |
26 Көлдүн үстүндө басып келе жаткан Ыйсаны көргөн шакирттер коркуп кетип: "Бул - элес!" - деп кыйкырып жиберишти. | |
27 Бирок Ыйса ошол замат аларга: "Кайраттангыла! Бул Менмин, коркпогула!"-деди. | |
28 Петир Ага: "Теңир! Эгерде бул Сен болсоң, буйрук бер, мен Сага суу үстү менен басып барайын", - деди. | |
29 Ыйса ага: "Кел", - деди. Петир кайыктан түшүп, суу үстү менен басып, Ыйсага жакын барды. | |
30 Бирок катуу шамалды көргөндө, коркуп кетип, чөгө баштады. Ошондо ал: "Теңир! Мени сакта!" - деп кыйкырды. | |
31 Ыйса колун сунуп, аны дароо кармап калды. Анан ага: "Ишеними аз, эмнеге шектендиң?" - деди. | |
32 Алар кайыкка түшкөндөн кийин, шамал басылып калды. | |
33 Кайыктагылар болсо: "Сен чын эле Кудайдын Уулу экенсиң", - деп, Ага таазим кылышты. | |
Генисарет жериндеги оорулуулардын айыгышы
|
34 Наркы өйүзгө, Генисарет жерине сүзүп өтүштү. | |
35 Ал жердин тургундары Ыйсаны таанып, тегерек-четтегилердин баарына киши жиберишти. Ошондо Ыйсага оорулуулардын баарын алып келишип, | |
36 Андан: "Кийимиңдин этегине эле колубузду тийгизүүгө уруксат бер", -деп өтүнүп жатышты. Анын кийимине колун тийгизгендер айыгып жатышты. | |