15-БӨЛҮМ
Кудайдын осуяттары адамдардын салттарынан жогору
(Мк.7,1-13)
|
1 Ошол убакта Иерусалимден мыйзам окутуучулар менен фарисейлер Ыйсага келип: | |
2 "Эмне үчүн Сенин шакирттериң ата-бабалардын салтын бузуп жатышат? Алар тамактанардын алдында кол жуу расмисин аткарышпайт", - дешти. | |
3 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: "Анда эмне үчүн өзүңөр салттарыңардын айынан Кудайдын осуятын бузуп жатасыңар? | |
4 Кудай мындай деп осуят кылган: "Ата-энеңди сыйла", "Ким атасына же энесине тил тийгизсе, ал өлүм жазасына тартылсын". | |
5 Силер болсо: "Эгерде ким атасына же энесине: "Сенин менден алчу нерсеңдин баары Кудайга багышталган",-десе, | |
6 ал адам атасына же энесине сый көрсөтпөй койсо да болот", - дейсиңер. Ошентип, силер өз салттарыңар үчүн Кудайдын осуятын четке кагып койдуңар. | |
7 Эки жүздүүлөр! Ышайа силер жөнүндө туура пайгамбарчылык кылган: | |
8 "Бул эл Мага оозу менен жакындайт, Мени тили менен урматтайт, бирок жүрөгү Менден алыс. | |
9 Алардын Мени урматтаганы - бекер, анткени алардын үйрөткөнү -адамдык эрежелер"". | |
Адамды арам кыла турган нерсе
(Мк.7,14-23)
|
10 Анан элди жанына чакырып, аларга мындай деди: "Жакшылап угуп, түшүнүп алгыла. | |
11 Адамды оозуна кирген нерсе арам кылбайт, оозунан чыккан нерсе арам кылат". | |
12 Ошондо шакирттери келип, Ага: "Билесиңби, фарисейлер бул сөздү укканда кыжырданышты", - дешти. | |
13 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: "Асмандагы Атам тикпеген ар бир өсүмдүк түп-тамыры менен жок кылынат. | |
14 Аларды жайына койгула. Алар - сокурлардын сокур жол башчылары. Сокурду сокур жетелесе, экөө тең аңга түшөт". | |
15 Петир Ага: "Бул икаяңди бизге түшүндүрүп берчи!" -деди. | |
16 Ошондо Ыйса: "Силер да алиге чейин түшүнө элексиңерби? | |
17 Оозго кирген нерсенин баары ашказанга келип, анан тышка чыгып кетерин билбейсиңерби? | |
18 Ооздон чыкканы жүрөктөн чыгат, адамды арам кылган мына ушу. | |
19 Анткени жаман ойлор, киши өлтүрүү, нике бузуу, ойноштук кылуу, уурулук, жалаа жабуу, ушак жүрөктө пайда болот. | |
20 Мына ушулар адамды арам кылат. Ал эми кол жуу расмисин аткарбай тамактануу адамды арам кылбайт". | |
Канаандык аялдын кызынын айыгышы
(Мк.7,24-30)
|
21 Ыйса ал жерден чыгып, Тир жана Сидон аймактарына келди. | |
22 Ошол аймактардан канаандык бир аял чыгып, Ыйсага: "Мага ырайым кылчы, Теңир, Дөөттүн Уулу! Кызым жин оорусунан катуу кыйналып жатат", - деп кыйкырды. | |
23 Бирок Ыйса аялга жооп берген жок. Ошондо шакирттери Ага жакын келип: "Аркабыздан калбай кыйкырып келе жатат, аны кетирип жиберчи", - дешти. | |
24 Ыйса болсо: "Мен Ысрайыл элинин гана жоголгон койлоруна жиберилгем", - деп жооп берди. | |
25 Аял жакын келип, Анын алдына чөгөлөп: "Теңир! Мага жардам бере көр", - деп өтүндү. | |
26 Ыйса ага: "Балдардын нанын тартып алып, иттерге ыргыткан жакшы эмес", - деди. | |
27 Аял Ага: "Ооба, ошондой, Теңир! Бирок иттер да кожоюндарынын үстөлүнөн түшкөн күкүмдөрдү жешет эмеспи", - деди. | |
28 Ыйса аялга: "Оо, аял! Ишенимиң зор экен, тилегениңдей болсун", - деп жооп берди. Ошондо анын кызы дароо айыгып калды. | |
Көп оорулуулардын айыгышы
(Мк.7,31-37)
|
29 Ыйса ал жерден кетип, Галилея көлү тарапка келди. Бир тоого чыгып отурду. | |
30 Ошондо Анын жанына көп эл келди. Алар чолок, сокур, дудук, майып жана башка оорулуу адамдарды Ыйсанын алдына алып келишти. Ыйса аларды айыктырды. | |
31 Дудуктар сүйлөп, буту баспагандар басып, сокурлар көрүп калышты. Муну көргөн эл таң калып, Ысрайылдын Кудайын даңктады. | |
Төрт миң адамды тойгузуу
(Мк.8,1-9)
|
32 Ыйса шакирттерин жанына чакырып алып, мындай деди: "Элди аяп жатам. Үч күндөн бери жанымда жүрүшөт, жегенге эч нерселери жок. Ачка кетиргим келбей турат, жолдо алсырап калышат го". | |
33 Шакирттери Ага: "Ушундай ээн жерде ушунча эл тойо турган нанды кайдан табабыз?" - дешти. | |
34 Ыйса алардан: "Канча наныңар бар?" - деп сурады. "Жети наныбыз, бир аз майда балыгыбыз бар", - дешти алар. | |
35 Ошондо Ал элге жерге отурууну буйруду. | |
36 Анан жети нан менен балыктарды алды да, асманды карап, Кудайга ыраазычылык билдирди. Нандарды сындырып, шакирттерине берди, алар болсо элге таратышты. | |
37 Бардыгы тойо жешти. Артып калган нандарды чогултканда, жети себет толду. | |
38 Аялдар менен бала-бакыраны эсептебегенде, тамактангандардын саны төрт миң эле. | |
39 Элди таратып жибергенден кийин, Ыйса кайыкка түшүп, Магдала аймагына келди. | |