16-БӨЛҮМ
Жышаан көрүүнү каалаган фарисейлер
(Мк.8,10-12)
|
1 Фарисейлер менен садукейлер Ыйсанын жанына келишти да, Аны сынаш үчүн, асмандан жышаан көрсөтүшүн суранышты. | |
2 Ыйса болсо аларга: "Кеч киргенде, силер: "Күн кызарып батып бара жатат, эртең күн ачык болот", - дейсиңер. | |
3 Эртең менен болсо: "Асман түнөрүп турат, күн бузулат окшойт", - дейсиңер. Анткорлор! Асманды карап, аба ырайын аныктай аласыңар да, анан убакытка байланыштуу жышаандарды айырмалап биле албайсыңар. | |
4 Бузулган, жаман муун жышаан көргүсү келет. Бирок ага Жунус пайгамбардын жышаанынан башка жышаан көрсөтүлбөйт", - деди да, ал жерден кетип калды. | |
5 Алар наркы өйүзгө сүзүп өтүштү. Шакирттер болсо нан алып алууну унутуп калышкан эле. | |
Фарисейлердин жана садукейлердин окутуусунан сак болуу
(Мк.8,13-21)
|
6 Ыйса аларга: "Фарисейлердин жана садукейлердин ачыткысынан сак болгула", - деди. | |
7 Алар болсо: "Нан албаганыбыз үчүн ушинтип айтып жатат го", - деп ойлошту. | |
8 Ыйса алардын оюн билип, мындай деди: "Ишеними аздар! Эмнеге нан алып албаганыңар жөнүндө ойлоп жатасыңар? | |
9 Дагы эле түшүнө элексиңерби? Беш нанга беш миң киши тойгону, канча себет ашып калганы эсиңерден чыгып кеттиби? | |
10 Жети нанга төрт миң киши тойгону, канча себет ашып калганы эсиңерден чыгып кеттиби? | |
11 Кантип түшүнгөн жоксуңар? Мен силерге: "Фарисейлер менен садукейлердин ачыткысынан сак болгула", -дегенимде, нан жөнүндө айткан жокмун". | |
12 Анын нандын ачыткысынан эмес, фарисейлер менен садукейлердин окутуусунан сактандырганын шакирттер ошондо түшүнүштү. | |
Петирдин Ыйсаны Машайак катары таанышы
(Мк.8,27-30; Лк.9,!8-21; Жкн.6,68-69)
|
13 Ыйса Филиптин шаары Кейсареяга келгенде, шакирттеринен: "Адамдар Мени, Адам Уулун, ким деп эсептешет?" - деп сурады. | |
14 Алар Ага: "Бирөөлөр: "Чөмүлдүрүүчү Жакан", - деп, бирөөлөр: "Илияс", - деп, дагы бирөөлөр: "Жеремия же пайгамбарлардын бири", -деп эсептешет", - деп жооп беришти. | |
15 Ыйса алардан: "А силер Мени ким деп эсептейсиңер?" - деп сурады. | |
16 Шымон Петир Ага: "Сен тирүү Кудайдын Уулу Машайаксың", - деп жооп берди. | |
Жыйын жөнүндөгү биринчи Жакшы Кабар
|
17 Ошондо Ыйса ага мындай деди: "Бактылуусуң сен, Жунус уулу Шымон! Муну сага адам эмес, Асмандагы Атам ачып берди. | |
18 Мен да сага айтып коеюн, сен Петирсиң. Мен Өз Жыйынымды ушул таштын үстүнө курам, аны өлүм да жеңе албайт. | |
19 Сага Асман Падышачылыгынын ачкычтарын берем. Жер үстүндө эмнени байласаң, асманда да ошол байлануу болот. Жер үстүндө эмнени --- асманда да ошол чечилүү болот". | |
20 Анан Ыйса Өзүнүн Машайак экендигин эч кимге айтпоону шакирттерине эскертти. | |
Ыйсанын Өзүнүн өлөрүн жана тирилерин шакирттерине айтышы
(Мк.8,31-38;Лк.9,22-27)
|
21 Ошол мезгилден тартып, Ыйса Өзүнүн Иерусалимге баруусу, аксакалдар, башкы ыйык кызмат кылуучулар жана мыйзам окутуучулардын колунан көп азап чегүүсү, өлтүрүлүүсү, үчүнчү күнү тирилүүсү керектигин шакирттерине айта баштады. | |
22 Петир Аны четке алып чыгып: "Өзүңдү ая, Теңир! Бул Сенин башыңа түшпөсүн", - деп, каршы боло баштады. | |
23 Ыйса болсо Петирди карап: "Кет жанымдан, шайтан! Сен Мага тузак коюп жатасың. Анткени сенин ойлоруң - Кудайдын эмес, адамдын ойлору", - деди. | |
24 Анан Ыйса шакирттерине мындай деди: "Ким Мени ээрчигиси келсе, ал өз жанынан кечип койсун жана өз айкаш жыгачын алып, Менин артымдан ээрчисин. | |
25 Ким өз жанын сактап калгысы келсе, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ал эми ким Мен үчүн өз жанынан ажыраса, ал аны сактап калат. | |
26 Эгерде адам бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок өз жанына зыян келтирсе, андан ага эмне пайда? Адам өз жанын куткарып алуу үчүн кандай кун төлөй алат? | |
27 Адам Уулу периштелери менен бирге Өз Атасынын даңкы менен келет, ошондо ар кимге ишине жараша тиешелүүсүн берет. | |
28 Силерге чындыкты айтып коеюн, бул жерде тургандардын кээ бирөөлөрү Өз Падышачылыгы менен келген Адам Уулун көрмөйүнчө, өлүшпөйт". | |