17-БӨЛҮМ
Теңирдин көрүнүшүнүн өзгөрүлүшү
(Мк.9,2-13;Лк.9,28-36)
|
1 Алты күн өткөндөн кийин, Ыйса Петирди, Жакыпты жана анын бир тууганы Жаканды ээрчитип, бир бийик тоого чыкты. | |
2 Ошол жерде алардын көз алдында Ыйсанын көрүнүшү өзгөрүлдү: Анын жүзү күндөй жаркырап, кийими аппак болуп калды. | |
3 Анан аларга Ыйса менен сүйлөшүп жаткан Муса менен Илияс көрүндү. | |
4 Ошондо Петир Ыйсага мындай деди: "Теңир! Бул жерде болгонубуз жакшы экен. Эгерде кааласаң, бул жерге үч алачык тургузалы: Сага бирди, Мусага бирди, Илияска бирди". | |
5 Петир сүйлөп жаткан учурда, жаркыраган бир булут аларды каптап калды. Анан булут ичинен "Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын. Аны уккула!" деген үн чыкты. | |
6 Муну укканда, шакирттер коркуп кетишип, жүзтөмөндөп жыгылышты. | |
7 Ыйса аларга жакын келип, колун тийгизип: "Тургула, коркпогула!" -деди. | |
8 Алар баштарын көтөрүп, Ыйсадан башка эч кимди көрүшкөн жок. | |
9 Тоодон түшүп келе жатышканда, Ыйса аларга: "Адам Уулу өлүп, кайра тирилгенге чейин, бул көрүнүш жөнүндө эч кимге айтпагыла", - деди. | |
10 Шакирттери Андан: "Эмне үчүн мыйзам окутуучулар: "Илияс пайгамбар Машайактан мурун келиши керек", - деп айтышат?" - деп сурашты. | |
11 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: "Туура, адегенде Илияс келип, бардык нерсени өз ордуна коюшу керек. | |
12 Бирок силерге айтып коеюн, Илияс келген. Бирок аны таанышпай, ага ойлоруна келгендей мамиле кылышты. Ошол сыяктуу эле Адам Уулу да алардын колунан азап чегет". | |
13 Ошондо шакирттер Анын чөмүлдүрүүчү Жакан жөнүндө айтып жатканын түшүнүштү. | |
Жин оорулуунун айыгышы
(Мк.9,14-29;Лк.9,37-43)
|
14 Алар элдин арасына келишкенде, бир адам Ыйсанын алдына келип, чөгөлөп: | |
15 "Теңир! Менин уулума ырайым кыла көр! Анын элирмеси бар, аябай кыйналат. Бирде отко, бирде сууга боюн таштап жиберет. | |
16 Аны Сенин шакирттериңе алып келсем, алар айыктыра албай коюшту", - деди. | |
17 Ошондо Ыйса: "Оо, ишенимсиз, бузулган муун! Качанга чейин силер менен болом? Качанга чейин силерге чыдайм? Баланы бул жерге, Мага алып келгиле", -деди. | |
18 Ыйса буйрук берери менен, баладан жин чыгып кетти. Бала ошол замат айыгып калды. | |
19 Ыйса жалгыз калганда, шакирттер келип: "Эмне үчүн биз жинди кууп чыгара албай койдук?", - деп сурашты. | |
20 Ыйса аларга: "Ишенимиңердин аздыгынан улам! Силерге чындыкты айтып коеюн, эгерде силердин сары кычы данындай эле ишенимиңер болсо, бул тоого: "Бул жерден тиги жерге жыл", -десеңер, ал жылат. Силер үчүн мүмкүн болбогон эч нерсе болбойт. | |
21 Жиндерди сыйынуу жана орозо менен гана кууп чыгарууга болот", -деди. | |
Ыйсанын Өзүнүн өлөрүн жана тирилерин дагы бир жолу айтышы
(Мк.9,30-32;Лк.9,43-45)
|
22 Галилеяда жүрүшкөн кезде, Ыйса аларга: "Адам Уулун адамдардын колуна салып беришет. | |
23 Аны өлтүрүшөт. Бирок Ал үчүнчү күнү тирилет", - деди. Шакирттер буга абдан капа болушту. | |
Ийбадаткана салыгы
(Мк.12,13)
|
24 Капернаумга келишкенде, дидрахма жыйнаган салык жыйноочулар Петирге келип: "Силердин Устатыңар дидрахма береби?" - деп сурашты. | |
25 "Берет", - деп жооп берип, Петир үйгө кирди. Ал эч нерсе айта электе эле, Ыйса андан: "Кандай деп ойлойсуң, Шымон, бул дүйнөдөгү падышалар алык-салыкты кимден алышат: өз уулдарынанбы же бөтөн кишилерденби?" - деп сурады. | |
26 "Бөтөн кишилерден", - деди Петир. Ыйса ага: "Демек, уулдары салык төлөшпөйт экен да. | |
27 Бирок салык жыйноочулар кыжырланбашы үчүн, көлгө барып, кайырмак сал. Кармаган биринчи балыгыңды тартып алып, оозун ачсаң, статирди көрөсүң. Аны алып, экөөбүз үчүн берип кой",- деди. | |