18-БӨЛҮМ
Ким баарынан чоң?
(Мк.9,33-37;Лк.9,46-48)
|
1 Ошол мезгилде шакирттер Ыйсанын жанына келип: "Асман Падышачылыгында ким баарынан чоң?" - деп сурашты. | |
2 Ыйса бир кичинекей баланы чакырып алып, ортого тургузду да, мындай деди: | |
3 "Силерге чындыкты айтып коеюн, эгерде жаман жолуңардан кайтып, кичинекей балдардай болбосоңор, Асман Падышачылыгына кирбейсиңер. | |
4 Ошондуктан ким өзүн басынтып, ушул бала сыяктуу болсо, ал Асман Падышачылыгында чоң болот. | |
5 Ким ушул сыяктуу баланы Менин ысымым үчүн кабыл алса, ал Мени кабыл алган болот. | |
6 Мага ишенген бул кичинелердин бирин күнөөгө түрткөн адамды мойнуна тегирмен ташын илип, деңиздин түбүнө чөктүрүп жиберсе, ал үчүн жакшы болмок. | |
Азгырыктарга каршы күрөшүү
|
7 Бул дүйнө өзүнүн азгырыктары үчүн кайгыга кабылат! Анткени азгырыктар келбей койбойт, бирок ким аркылуу келсе, ошол адам кайгыга кабылат! | |
8 Эгерде колуң же бутуң сени күнөөгө түртсө, анда аны кесе чаап, ыргытып жибер. Эки колуң, эки бутуң менен түбөлүк отко ыргытылгандан көрө, колуңдан же бутуңдан ажырап, өмүргө ээ болгонун жакшы. | |
9 Эгерде көзүң сени күнөөгө түртсө, анда аны оюп алып, ыргытып жибер. Эки көзүң менен оттуу көлгө ыргытылгандан көрө, жалгыз көзүң менен өмүргө ээ болгонуң жакшы. | |
10 Байкагыла, бул кичинелердин бирин да кордобогула. Силерге айтып коеюн, алардын асмандагы периштелери Асмандагы Атамдын жүзүн дайыма көрүп турушат. | |
Жоголгон кой. Жоголгонду издеген Теңир
(Лк.15,3-7)
|
11 Анткени Адам Уулу жоголгонду издеп таап, куткаруу үчүн келди. | |
12 Кандай деп ойлойсуңар, эгерде жүз кою бар бир адамдын бир кою жоголуп кетсе, эмне, ал токсон тогузун тоого калтырып, жоголуп кеткенин издебейби? | |
13 Эгерде аны тапса, силерге чындыкты айтып коеюн, жоголбогон токсон тогузуна караганда, ал үчүн көбүрөөк сүйүнөт. | |
14 Ошол сыяктуу эле Асмандагы Атаңар да бул кичинелердин биринин да жоголушун каалабайт. | |
Келечектеги Жыйындын тартиби
|
15 Эгерде бир тууганың сага каршы күнөө кылса, баргын да, жекече сүйлөшүп, анын айыбын ач. Эгерде сага кулак салса, бир тууганыңды кайтарып алган болосуң. | |
16 Эгерде сага кулак салбаса, жаныңа бир же эки кишини ээрчитип ал. Айтылган ар бир сөз эки же үч күбөнүн сөзү менен ырасталсын. | |
17 Эгерде аларга кулак салбаса, Жыйынга билдир. Эгерде Жыйынга да кулак салбай койсо, аны бутпарас жана салык жыйноочу катары эсепте. | |
18 Силерге чындыкты айтып коеюн, жер үстүндө эмнени байласаңар, асманда да ошол байлануу болот. Жер үстүндө эмнени чечсеңер, асманда да ошол чечилүү болот. | |
19 Дагы силерге айтарым, жер үстүндө араңардан экөөңөр макулдашып алып, асмандагы Атамдан бир нерсе жөнүндө сурасаңар, сураганыңарды аласыңар. | |
20 Кайсы жерде Менин ысымым үчүн эки же андан көп адам чогулса, Мен да ошол жерде, алардын арасындамын". | |
Ырайымдуу падыша жана ырайымсыз кул жөнүндө икая
(Лк.17,3-4)
|
21 Ошондо Петир Ыйсанын жанына келип: "Теңир, мага каршы күнөө кылган бир тууганымды канча жолу кечиришим керек? Жети жолубу?" -деп сурады. | |
22 Ыйса ага мындай деп жооп берди: "Сага айтып коеюн, жети жолу эмес, жетимиштен жети жолу. | |
23 Ошондуктан Асман Падышачылыгын кулдары менен эсептешмекчи болгон падышага салыштырса болот. | |
24 Эсептеше баштаганда, падышанын алдына он миң талант карыз болгон бир кулду алып келишти. | |
25 Карызынан кутулууга анын эч нерсеси жок болгондуктан, падыша анын өзү, аялы, балдары жана колунда болгону сатылып, карызы төлөнүүсүн буйруду. | |
26 Ошондо ал кул падышанын алдына жыгылып: "Падышам, күтө тур, бардыгын төлөп берем", - деди. | |
27 Падыша кулуна ырайым кылып, анын карызын кечирди да, аны бошотуп жиберди. | |
28 Ал кул болсо тышка чыгып, өзүнө жүз динарий карыз болгон башка кулду кармап алып: "Карызыңды бер", - деп муунтту. | |
29 Ал кул болсо бутуна жыгылып: "Күтө тур, баарын төлөп берем", - деп жалынды. | |
30 Бирок ал күткүсү келген жок. Барды да, карызын бергенче, аны түрмөгө каматып салды. | |
31 Муну көргөн кулдар аябай капа болушту да, падышага келип, болгон окуяны айтып беришти. | |
32 Ошондо падыша кулун чакыртты да: "Эй, жаман кул! Жалынып-жалбарганыңдан улам, бүт карызыңды кечирдим эле. | |
33 Мен сага ырайым кылгандай, сен да тиги кулга ырайым кылсаң болбойт беле? "- деди. | |
34 Падыша каарданып, бүт карызын бергенче, аны жазалоочулардын колуна тапшырды. 35 Эгерде ар бириңер өз бир тууганыңардын күнөөсүн чын жүрөктөн кечирбесеңер, асмандагы Атам да силерге так ушундай мамиле кылат". | |