2-БӨЛҮМ
Даанышмандардын Бейт-Лехемге келиши
|
1 Ирод падышанын убагында, Жүйүт жеринин Бейт-Лехем деген шаарында, Ыйса төрөлгөндө, чыгыштан Иерусалим шаарына даанышмандар келип:
| |
2 "Жүйүттөрдүн жаңы төрөлгөн Падышасы кайда? Чыгыштан биз Анын жылдызын көрүп, Ага таазим кылганы келдик", - дешти.
| |
3 Муну укканда, Ирод падышанын тынчы кетти, аны менен бирге бүт Иерусалим эли да дүрбөлөңгө түштү.
| |
4 Ошондо Ирод башкы ыйык кызмат кылуучулар менен элдик мыйзам окутуучулардын баарын чогултуп алып, алардан: "Машайак кайсы жерде төрөлүшү керек эле?" - деп сурады.
| |
5 Алар ага мындай деп жооп беришти: "Жүйүттүн Бейт-Лехем деген шаарында төрөлүшү керек. Анткени бир пайгамбар аркылуу мындай деп жазылган:
| |
6 "Бирок сен, Бейт-Лехем, Жүйүт жери, Жүйүттүн башка шаарларынан эч бир нерсең менен кем эмессиң, анткени сенден Менин элим Ысрайылды жетектеп жүрө турган Жол башчы чыгат"".
| |
7 Ошондо Ирод даанышмандарды өзүнө жашыруун чакыртып алып, жылдыздын пайда болгон убактысын астыртадан сурап билип алды.
| |
8 Анан аларды Бейт-Лехемге жөнөтүп жатып: "Баргыла да, ошол Наристе жөнүндө жакшылап сураштырып билгиле. Аны табарыңар менен, мага кабарлагыла. Мен да барып, Ага таазим кылайын", - деди.
| |
9 Падыша муну айткандан кийин, алар жөнөп кетишти. Чыгышта көрүнгөн жылдыз алардын алдында жылып жүрүп отуруп, Наристе жаткан жерге келип токтоду.
| |
10 Жылдыздын токтогонун көргөндө, даанышмандар аябай сүйүнүп кетишти.
| |
11 Анан алар үйгө кирип, Наристени жана Анын энеси Мариямды көрүштү. Ошондо алар жүзтөмөндөп жыгылып, Ага таазим кылышты. Сандыкчаларын ачып, Ага ладан, смирна деген жыпар жыттуу заттарды жана алтын тартуу кылышты.
| |
12 Алар Иродго кайтып барбоо керектиги жөнүндө түштөрүндө аян алып, өз өлкөсүнө башка жол менен жөнөп кетишти.
| |
Мисирге качуу
|
13 Даанышмандар жөнөп кетишкенден кийин, Теңирдин периштеси Жусупка түшүндө көрүнүп: "Тур, Наристени жана Анын энесин алып, Мисирге кач. Мен айтканга чейин, ошол жерде бол. Анткени Ирод Наристени өлтүртүү үчүн издеткени жатат", - деди.
| |
14 Ошондо Жусуп ордунан туруп, Наристени жана Анын энесин алып, түн ичинде Мисирди карай жол тартты.
| |
15 Ошентип, алар Ироддун көзү өткөнчө, ошол жерде болушту. Теңирдин бир пайгамбар аркылуу "Уулумду Мисирден чакырып алдым" деп айткан сөзүнүн аткарылышы үчүн ушундай болду.
| |
Наристелердин өлтүрүлүшү
|
16 Ирод өзүнүн даанышмандарга алданып калганын билгенде, аябай каарданып, Бейт-Лехемдеги жана анын тегерек-четиндеги эки жаштагы жана эки жашка чейинки эркек балдарды кырып салууга аскерлерди жөнөттү. Ал Анын жашын даанышмандардан сурап билип алган убакыт боюнча аныктады.
| |
17-18 Ошондо Жеремия пайгамбар аркылуу "Рама шаарынан зар какшап, боздоп ыйлагандын үнү угулат. Бул -өзүнүн балдарын жоктоп ыйлаган Рахел. Ал сооронгусу келбей жатат, анткени алар эми жок" деп айтылган сөз аткарылды.
| |
Назаретке кайтып келүү
(Лк.2,39-40)
|
19 Ироддун көзү өткөндөн кийин, Мисирде Теңирдин периштеси Жусупка түшүндө көрүнүп:
| |
20 "Тур! Наристени жана Анын энесин алып, Ысрайыл жерине жөнө. Анткени Наристени өлтүрүүнү каалагандардын көзү өтүп кетти", - деди.
| |
21 Ошондо Жусуп ордунан туруп, Наристени жана Анын энесин алып, Ысрайыл жерине келди.
| |
22 Жүйүт аймагында атасы Ироддун ордуна уулу Архелай падышачылык кылып жатканын угуп, Жусуп ал жакка баруудан коркту. Бирок түшүндө аян алып, Галилея аймагын көздөй жол тартты.
| |
23 Ал жерге келип, Назарет деген шаарга жайланышты. Пайгамбарлар аркылуу "Ал "назареттик" деп аталат" деп айтылган сөздүн аткарылышы үчүн ушундай болду. | |