4-БӨЛҮМ
Ыйсанын сыналуусу
(Мк.1,12-13; Лк.4,1-13)
|
1 Ошондон кийин Ыйса шайтан тарабынан сыналуу үчүн, Рух аркылуу чөлгө алынып барылды.
| |
2 Ал кырк күн, кырк түн орозо кармап, акырында ачка болду.
| |
3 Ошондо азгыруучу Ага жакын келип: "Эгерде Сен Кудайдын Уулу болсоң, анда мына бул таштарга нанга айланууну буйру!" - деди.
| |
4 Ыйса ага: ""Адам нан менен гана эмес, Кудайдын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашайт", - деп, Ыйык Жазууда жазылып турат", -деп жооп берди.
| |
5 Ошондо шайтан Аны ыйык шаарга алып барып, ийбадаткананын төбөсүнө тургузуп, мындай деди:
| |
6 "Эгерде Сен Кудайдын Уулу болсоң, анда боюңду таштап жибер. Анткени Ыйык Жазууда: "Ал Өзүнүн периштелерине буйрук берет. Сен бутуңду ташка уруп албашың үчүн, алар Сени колдоруна көтөрүп кетишет", -деп жазылып турат".
| |
7 Ыйса ага: "Ыйык Жазууда: "Кудай-Теңириңди сынаба", - деп да жазылып турат", - деп жооп берди.
| |
8 Шайтан кайрадан Аны алып, абдан бийик тоого чыгарды да, дүйнөдөгү бардык падышачылыктарды жана алардын атак-даңкын көрсөттү.
| |
9 Анан Ага: "Алдыма жыгылып, мага таазим кылсаң, ушунун баарын Сага берем", - деди.
| |
10 Ошондо Ыйса ага: "Кет жанымдан, шайтан! Анткени: "Кудай-Теңириңе табын жана бир гана Ага кызмат кыл", - деп жазылып турат", - деп жооп берди.
| |
11 Ошондо шайтан Ыйсанын жанынан кетти. Периштелер келип, Ыйсага кызмат кыла башташты.
| |
Ыйсанын Капернаум шаарына келип, кызматын баштоосу
(Мк.1,14;Лк.4,14-15)
|
12 Ыйса Жакандын камакка алынганын угуп, Галилеяга кетти.
| |
13 Ал Назарет шаарында калбастан, Забулун жана Напталы дубандарына, Галилея көлүнүн жээгиндеги Капернаум шаарына жайланышты.
| |
14-15 Бул Ышайа пайгамбар аркылуу "Деңизди карай кеткен жолдогу Забулун жана Напталы жери, Иордандын наркы өйүзүндө жашаган бутпарастардын Галилеясы!
| |
16 Караңгычылыкта жашаган эл улуу жарыкты көрдү, өлүм көлөкөсү баскан өлкөдө жашагандарга жарык жаркырады" деп айтылган сөздүн аткарылышы үчүн болду.
| |
17 Ошол убакыттан тартып, Ыйса мындай деп жар сала баштады: "Тобо кылгыла! Анткени Асман Падышачылыгы жакындап калды".
| |
Петир менен Андрейдин кызматка чакырылышы
(Мк.1,16-18; Лк.5,2-11;Жкн.1,35-42)
|
18 Ал Галилея көлүнүн жанынан өтүп бара жатып, Петир деген ысым коюлган Шымонду жана анын бир тууганы Андрейди көрдү. Бул эки бир тууган көлгө тор ыргытып жатышкан, анткени алар балыкчылар эле.
| |
19 Ыйса аларга: "Менин артымдан ээрчигиле, силерди Мен адам кармоочу(Адамдарды Кудайга алып келџџчџ) кыламын", - деди.
| |
20 Алар ошол замат торлорун таштап, Аны ээрчип жөнөштү.
| |
Жакып менен Жакандын Ыйсанын артынан ээрчүүсү
(Мт.1,19-20; Лк.5,10-11)
|
21 Ыйса андан ары кетип бара жатып, башка эки бир тууганды, Зебедейдин уулдары Жакып менен Жаканды көрдү. Алар атасы Зебедей менен бирге кайыкта торлорун оңдоп жатышкан. Ыйса аларды да чакырды.
| |
22 Алар ошол замат кайыкты да, атасын да таштап, Аны ээрчип жөнөштү.
| |
23 Ыйса бүт Галилеяны аралап, синагогаларда2 (Сөздџктџ кара) элди окутуп, Асман Падышачылыгы жөнүндө Жакшы Кабар таратып, адамдардын ар кандай ооруларын жана кеселдерин айыктырып жүрдү.
| |
24 Ошондо Ал жөнүндө бүт Сирия эли угуп, Ага бардык оорулууларды: ар түрдүү кеселге жана дартка чалдыгып кыйналгандарды, жин оорулууларды, элирме оорулууларды, шал оорулууларды алып келип жатышты. Ыйса болсо аларды айыктырып жатты.
| |
25 Галилеядан, Декапол дубандарынан, Иерусалим шаарынан, Жүйүт аймагынан жана Иордан дарыясынын наркы өйүзүнөн келген топ эл Ыйсанын артынан ээрчип жүрдү. | |