6-БӨЛҮМ
Тоодогу насааттын уландысы.
Динчилдикти айыптоо
|
1 Адилеттүү иштериңерди адамдарга көрүнүш үчүн кылуудан сак болгула. Болбосо асмандагы Атаңардан сыйлык албайсыңар.
| |
2 Ошондуктан кайыр берип жатканыңда, элге жарыялаш үчүн, сурнай тартпа. Эки жүздүү адамдар элден атак алыш үчүн, синагогаларда, көчөлөрдө ушундай кылышат. Силерге чындыкты айтып коеюн, алар өз сыйлыгын алышты.
| |
3 Ал эми сен кайыр берип жатканыңда, оң колуң сол колуңдун эмне кылып жатканын билбесин.
| |
4 Кайырды жашыруун бер. Жашыруун кылынганын көргөн Атаң сага тиешелүүнү ачык эле берет.
| |
5 Эки жүздүүлөргө окшоп сыйынбагын. Алар адамдарга көрүнүш үчүн, синагогаларда жана көчөлөрдүн бурч-бурчтарында туруп алып сыйынганды жакшы көрүшөт. Силерге чындыкты айтып коеюн, алар өз сыйлыгын алышты.
| |
6 Ал эми сен сыйынарда, бөлмөңө кирип, эшигиңди жап да, көрүнбөгөн Атаңа сыйын. Жашыруун сыйынганыңды көргөн Атаң сага тиешелүүнү ачык эле берет.
| |
7 Бутпарастарга окшоп ашык сөздөрдү айтып сыйынбагыла. Себеби алар: "Көп сүйлөсөк, сыйынуубуз угулат", -деп ойлошот.
| |
Сыйынуу жөнүндө
(Лк.11,1-13)
|
8 Ошондуктан алардай болбогула, анткени эмнеге муктаж экениңерди Атаңар сурай элегиңерде эле билет.
| |
9 Силер болсо мындай сыйынгыла: Асмандагы Атабыз! Сенин ысымың ыйык тутулсун.
| |
10 Сенин Падышачылыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да Сенин эркиң аткарылсын.
| |
11 Бизге күнүмдүк наныбызды бер.
| |
12 Бизге жамандык кылгандарды кечиргенибиздей, Сен да биздин күнөөлөрүбүздү кечире көр.
| |
13 Азгырылышыбызга жол бербе, бизди жамандыктан сакта. Анткени Падышачылык да, күч да, даңк да түбөлүккө Сага таандык. Оомийин.
| |
14 Эгерде силер башкалардын күнөөлөрүн кечирсеңер, анда асмандагы Атаңар да силерди кечирет.
| |
15 Эгерде башкалардын күнөөлөрүн кечирбесеңер, анда Атаңар да силердин күнөөлөрүңөрдү кечирбейт.
| |
Орозо жөнүндө
|
16 Ошондой эле орозо кармаганыңарда, эки жүздүүлөргө окшоп кабагыңарды салбагыла. Алар өздөрүнүн орозо кармап жатканын адамдарга көрсөтүш үчүн, кабагын бүркөп алышат. Силерге чындыкты айтып коеюн, алар өз сыйлыгын алышты.
| |
17 Ошентип, сен өзүңдүн орозо кармап жатканыңды адамдарга эмес, көрүнбөгөн Атаңа көрсөтүш үчүн,
| |
18 башыңды майлап, бетиңди жуу. Жашыруун орозо кармаганыңды көргөн Атаң сага тиешелүүнү ачык эле берет.
| |
Байлык жөнүндө
|
19 Жер үстүндө байлык жыйнабагыла. Жерде аларды күбө жейт, дат басат, уурулар үйдүн түбүн казып кирип, уурдап кетишет.
| |
20 Андан көрө байлыкты асманга жыйнагыла. Асманда аларды күбө жебейт, дат баспайт, уурулар үйдүн түбүн казып киришпейт да, уурдап кетишпейт.
| |
21 Байлыгыңар кайсы жерде болсо, жүрөгүңөр да ошол жерде болот.
| |
22 Дененин чырагы - көз. Эгерде көзүң таза болсо, анда бүт денең жарык болот.
| |
23 Эгерде көзүн жаман болсо, анда бүт денең караңгы болот. Эгерде сендеги жарык караңгы болсо, анда ал кандай коркунучтуу караңгылык!
| |
24 Эч ким эки кожоюнга кул боло албайт. Бирин жаман көрүп, бирин жакшы көрөт; бирине жан-дили менен берилип, экинчисин барк албайт. Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кызмат кыла албайсыңар.
| |
Түйшүк тартпоо жөнүндө
|
25 Ошондуктан силерге айтарым: "Эмне ичип, эмне жейбиз?" - деп, жаныңар үчүн; "Эмне киебиз?" - деп, денеңер үчүн түйшүк тартпагыла. Тамакка караганда жан, кийимге караганда дене кымбат эмеспи!
| |
26 Асмандагы канаттууларды карагылачы! Алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт, кампага жыйнабайт, бирок Асмандагы Атаңар аларды азыктандырат. Алардан силер канча эсе артыксыңар!
| |
27 Кимиңер түйшүк тартуу менен боюңарды бир чыканак өстүрө аласыңар?
| |
28 Кийим үчүн эмнеге түйшүк тартасыңар? Талаадагы лилия гүлдөрүнүн кантип өсүп жатканын карагылачы! Алар эмгектенбейт, жип ийрибейт.
| |
29 Бирок силерге айтып коеюн, атүгүл, атак-даңктуу Сулайман да булардын бириндей кийинген эмес.
| |
30 Бүгүн талаада өсүп турган, эртең болсо отко ыргытыла турган чөптү Кудай ушундай кийиндирсе, силерди алардан артык кийиндирбейби, ишеними аздар!
| |
31 Ошондуктан: "Эмне жейбиз, эмне ичебиз?" же "Эмне киебиз?" - деп түйшүк тартпагыла.
| |
32 Анткени бутпарастар булардын баары үчүн түйшүк тартышат. Ал эми силердин ушунун баарына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет.
| |
33 Баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын жана адилеттигин издегиле, ошондо мунун баары силерге кошулуп берилет.
| |
34 Ошондуктан эртеңки кун үчүн түйшүк тартпагыла. Эртеңки күн өзү үчүн өзү түйшүк тартат. Ар бир күндүн өз түйшүгү өзүнө жетиштүү. | |