7-БӨЛҮМ
Тоодогу насааттын уландысы.
Башка бирөөлөрдү айыптабоо жөнүндө |
1 Айыптабагыла, ошондо өзүңөр да айыпталбайсыңар. | |
2 Кандай айыптасаңар, силер да ошондой айыпталынасыңар. Кандай өлчөм менен өлчөсөңөр, силерге да ошондой өлчөм менен өлчөнөт. | |
3 Эмнеге өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөйсүң да, бир тууганыңдын көзүндөгү кыпынды көрөсүң? | |
4 Өз көзүңдө дөңгөч турса, бир тууганыңа: "Кел, көзүңдөгү кыпынды алып салайын", -деп, кантип айтасың? | |
5 Эки жүздүү! Адегенде өз көзүңдөгү дөңгөчтү алып ташта, ошондо бир тууганыңдын көзүндөгү кыпынды кантип алып таштоо керектигин билесиң. | |
6 Ыйык нерсени иттерге бербегиле, берметтериңерди чочколордун алдына таштабагыла. Болбосо алар аны тебелеп-тепсеп, анан кайрылып келип, силерди тытып таштайт.
| |
Сурагыла, издегиле, тыкылдаткыла
(Лк.11,1-13)
|
7 Сурагыла, ошондо силерге берилет. Издегиле, ошондо табасыңар. Тыкылдаткыла, ошондо силерге эшик ачылат. | |
8 Анткени сураган адам алат, издеген адам табат жана тыкылдаткан адамга эшик ачылат. | |
9 Араңарда нан сураган уулуна таш берген адам барбы? | |
10 Же балык сураган уулуна жылан берген адам барбы? | |
11 Силер жаман болуп туруп, балдарыңарга жакшы нерселерди бергенди билсеңер, анда Асмандагы Атаңар Өзүнөн сурагандарга жакшы нерсени берери анык. | |
12 Ошентип, адамдардын силерге кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла. Анткени мыйзам да, пайгамбарлар да ушуну үйрөтөт.
| |
Эки жол
|
13 Тар дарбаза аркылуу киргиле. Анткени кең дарбаза менен кенен жол өлүмгө алып барат, ал жолдо бара жаткандар көп. | |
14 Ал эми тар дарбаза менен тар жол өмүргө алып барат, ал жолду тапкандар аз.
| |
Жалган окутуучулардан сак болуу
|
15 Жалган пайгамбарлардан сак болгула! Алар силерге кой терисин жамынып келишет, бирок, чындыгында, алар - жырткыч карышкырлар. | |
16 Аларды жемиштеринен билип аласыңар. Тикенектен жүзүм, уйгактан анжыр жыйнабайт да! | |
17 Ар бир жакшы дарак жакшы жемиш берет, жаман дарак болсо жаман жемиш берет. | |
18 Жакшы дарак жаман жемиш бербейт, ал эми жаман дарак жакшы жемиш бербейт. | |
19 Жакшы жемиш бербеген ар бир дарак кыйылып, отко ыргытылат. | |
20 Демек, аларды жемиштеринен билип аласыңар. | |
21 Мени "Теңир! Теңир!" дегендин баары эле Асман Падышачылыгына кирбейт, асмандагы Атамдын каалоосун аткаргандар гана кирет. | |
22 Ошол күнү көп адамдар Мага: "Теңир! Теңир! Биз Сенин атыңдан пайгамбарчылык кылчу эмес белек? Сенин ысымың менен жиндерди куучу эмес белек? Сенин ысымың менен кереметтерди көрсөтчү эмес белек?" -дешет. | |
23 Ошондо Мен аларга: "Мен силерди эч качан таанычу эмесмин. Менин жанымдан кеткиле, мыйзамсыз иш кылуучулар", - деп айтамын.
| |
Эки негиз
|
24 Ким Менин ушул сөздөрүмдү укса жана аткарса, ал үйүн таштын үстүнө курган акылдуу адамга окшош. | |
25 Шамал согуп, жамгыр төгүп, өзөндөр ташып, ал үйдү каптады. Бирок үй кулаган жок, анткени ал үй таштын үстүнө курулган эле. | |
26 Ал эми ким Менин ушул сөздөрүмдү укса, бирок аткарбаса, ал үйүн кумдун үстүнө курган акылсыз адамга окшош. | |
27 Шамал согуп, жамгыр төгүп, өзөндөр ташып, ал үйдү каптады. Ошондо үй кулап, чоң кыйроого учурады". | |
28 Ыйса бул сөздөрдү айтып бүткөндө, эл Анын окутуусуна таң калды. | |
29 Анткени Ал мыйзам окутуучулардай эмес, бийлиги бар адамдай окутту. | |