9-БӨЛҮМ
Ыйсанын шал оорулуу адамды айыктырышы
(Мк.2,3-12; Лк.5,18-26)
|
1 Ошондо Ыйса кайыкка түшүп, кайра Өз шаарына сүзүп келди. | |
2 Бул жерден Ага төшөктө жаткан шал оорулуу бир адамды алып келишти. Ыйса алардын ишенимин көрүп, шал оорулууга: "Коркпо, балам! Күнөөлөрүң кечирилди", - деди. | |
3 Ошондо мыйзам окутуучулардын кээ бирөөлөрү: "Бул Кудайга акаарат келтирип жатат", - деп ойлошту. | |
4 Ыйса алардын оюн билип: "Эмне үчүн жаман ойлоп жатасыңар? | |
5 "Күнөөлөрүң кечирилди" деп айткан оңойбу, же "Ордуңдан туруп, бас" деп айткан оңойбу? | |
6 Бирок силер Адам Уулунун жер үстүндө күнөөлөрдү кечирүүгө бийлиги бар экенин билишиңер үчүн", -деди да, - шал оорулууга: "Ордуңдан туруп, төшөгүңдү ал да, үйүңө бар", -деди. | |
7 Ал ордунан туруп, төшөгүн алды да, үйүн көздөй жөнөдү. | |
8 Муну көргөн эл аябай тан калып, адамдарга ушундай бийлик берген Кудайды даңктады. | |
Ыйсанын Матайды чакырышы
(Мк.2,13-22;Лк.5,27-29)
|
9 Ыйса ал жерден өтүп бара жатып, бажыкананын жанында отурган Матай деген адамды көрүп, ага: "Менин артымдан ээрчи", - деди. Ал ордунан туруп, Ыйсанын артынан жөнөдү. | |
Ыйсанын салык жыйноочулар жана күнөөкөрлөр менен бирге тамактанышы
(Мк.2.15-20;Лк.5,29-35)
|
10 Ыйса Матайдын үйүндө дасторкон үстүндө отурганда, көптөгөн салык жыйноочулар менен күнөөкөрлөр келип, Ыйса жана Анын шакирттери менен бир дасторконго отурушту. | |
11 Муну көргөн фарисейлер Ыйсанын шакирттерине: "Эмне үчүн силердин Устатыңар салык жыйноочулар жана күнөөкөрлөр менен бирге тамактанып жатат?" - дешти. | |
12 Муну уккан Ыйса аларга: "Дарыгер соо адамдарга эмес, оорулууларга керек. | |
13 Баргыла да, "Мен курмандыктарды эмес, ырайымдуулукту каалайм" деген сөздүн мааниси эмне экенин билип алгыла. Анткени Мен тобо кылууга адилеттүүлөрдү эмес, күнөөкөрлөрдү чакырганы келдим", - деди. | |
Орозо жөнүндө
|
14 Ошондо Жакандын шакирттери келип, Ыйсадан: "Фарисейлер да, биз да орозону көп кармайбыз, эмне үчүн Сенин шакирттериң орозо кармашпайт?" - деп сурашты. | |
15 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: "Күйөө менен чогуу отурганда, тойдогулар капаланышмак беле? Бирок Күйөө алардын жанынан алынып кете турган күндөр да келет, алар ошондо орозо кармашат. | |
Кийим жана чанач жөнүндө икаялар
(Мк.2,21-22;Лк.5,36-39)
|
16 Эч ким эски кийимге жаңы кездемеден жамачы салбайт. Анткени жаңы салынган жамачы эски кийимден сөгүлүп, жыртык мурункудан да чоң болуп калат. | |
17 Ошондой эле жаңы шарапты эски чаначка куйбайт. Болбосо чанач айрылып, шарап төгүлүп, чанач жараксыз болуп калат. Жаңы шарапты жаңы чаначка куят, ошондо экөө тең сакталат". | |
Ыйсанын оорулуу аялды айыктырышы жана Жайырдын кызын тирилтиши
(Мк.5,22-43; Лк.8,41-56)
|
18 Ыйса аларга ушуну айтып жатканда, бир башчы келип, Ага таазим кылды да: "Менин кызым өлүм алдында жатат. Бирок Сен келип, анын үстүнө колуңду койсоң, ал тирүү калат", -деди. | |
19 Ошондо Ыйса шакирттери менен бирге анын артынан жөнөдү. | |
20 Ошол маалда он эки жылдан бери кан агуудан кыйналып жүргөн бир аял арт жагынан келип, Ыйсанын кийиминин этегине колун тийгизди. | |
21 Ал аял: "Анын кийимине колумду тийгизсем эле айыгып калам", - деп ойлогон эле. | |
22 Ыйса артына бурулуп, аны көргөндө: "Коркпо, кызым! Сени ишенимиң куткарды1 (бу сөз грекчеде: "айыкты?" деген маани да берет)", - деди. Аял ошол замат айыгып калды. | |
23 Башкаруучунун үйүнө келгенде, Ыйса чоор тарткандарды жана дүрбөлөңгө түшкөн элди көрүп, аларга: "Бул жерден чыккыла! | |
24 Кыз өлгөн жок, уктап жатат", -деди. Эл Аны шылдыңдап күлдү. | |
25 Элди чыгарып жибергенден кийин, Ыйса кыз жаткан бөлмөгө кирип, аны колунан кармап тургузду. Кыз турду. | |
26 Ошондо бул кабар ошол аймактагы элдин баарына тарады. | |
Эки сокурдун жана жин оорулуу дудуктун айыгышы
|
27 Ыйса ал жерден өтүп бара жатканда, эки сокур Аны: "Ыйса, Дөөттүн Уулу, бизге ырайым кыл!" - деп кыйкыра ээрчип алышты. | |
28 Ыйса үйгө киргенде, сокурлар Анын жанына келишти. Ыйса алардан: "Жардам бере аларыма ишенесиңерби?" - деп сурады. Алар Ага: "Ооба, Теңир!" - деп жооп беришти. | |
29 Ошондо Ыйса алардын көздөрүнө колун тийгизип: "Ишенимиңерге жараша болсун", - деди. | |
30 Алардын көздөрү көрүп калды. Ыйса аларга: "Бул жөнүндө эч ким билбесин", - деп, катуу эскертти. | |
31 Алар болсо ал жерден чыгышты да, ошол аймактагылардын баарына Ыйса жөнүндө жайып жиберишти. | |
32 Алар чыгып бара жатышканда, Ыйсага жин оорулуу бир дудук адамды алып келишти. | |
33 Ыйса жинди кууп чыгаргандан кийин, дудук сүйлөй баштады. Ошондо эл: "Ысрайыл жеринде мындай нерсе эч качан болгон эмес", - деп, таң калып жатты. | |
34 Фарисейлер болсо: "Жиндерди Ал жин башчысынын күчү менен кууп чыгарып жатат", - дешти. | |
Кызматчы сурап сыйынуу
|
35 Ыйса бардык айыл-кыштактарды жана шаарларды аралап, синагогаларда элди окутуп, Падышачылык жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратып, ар түрдүү оорулардан, ар кандай кеселдерден айыктырып жүрдү. | |
36 Элди көрүп, Ыйсанын боору ооруду. Анткени алар койчусу жок койлор сыяктуу жүдөп, мүңкүрөп калышкан эле. | |
37 Ошондо Ыйса шакирттерине мындай деди: "Түшүм көп, бирок жумушчулар аз. | |
38 Ошондуктан түшүмдүн Кожоюнуна жалынгыла, Ал Өз түшүмүн жыйнаганга жумушчуларды жиберсин". | |