Жаныбек
Жанызактын
менчик сайты

СЫЙЫНУУ БАРАКЧАСЫ 

жыйнаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2004-ж.
 



СЫЙЫНУУ БАРАКЧАСЫ
Теңир жыйыны, январь 2005ж.
  1. Даңктоо кызматы үчүн (музыканттар, сннтезатор, жаңы ырлар).
  2. Кудайдын Сөзү үчүн (50-лекция Ыйык Рухтун жетеги менен болсун).
  3. Кудай сыйынуучуларга сыйынуу отун берсин.

  4. Жаштар үчүн:
    • 2005-жыл үчүн план
    • ишенимдүү устаттар, шакирттер өсүп чыксын
    • үй группалары өссүн, 12 үй группасынын жетекчилери үчүн
    • жаштардан даңктоо группасы өсүп чыксын

  5. Кудай Ата балдар жана өспүрүмдөр группасына кызмат кылуучу жүрөктөрдү алып чыксын.
  6. Ондукка бир айда 40 000 сом түшүп турсун.

  7. Жакшы кабар таратуу:
    • Жакындарыбызга Жакшы Кабар айтуу
    • Коомдун социалдык орто катмарындагы адамдарды утуп алуу
    • Кудай Ата айыл жергелеринде жакшы кабар айтууга эшиктерди ачсын


  8. Филиалдар үчүн:
    • Ош (Гүлнара, Тимур, Том, Майлс үчүн сыйынуу)
    • Каракөл (Махмуд, Гүлназ)
    • Суусамыр (Алтын эже, Гүлкайыр, Гүлбара, Алик бир туугандар үчүн, Гуля эже оккультизмден бошонсун)
    • Кара - Балта (Мурат, Нурзат)
    • Кант (Болот, Бактыгул)
    • Ак-Босого (Жолдош, Нургүл)


  9. Жаңы жыйындар ачылыш үчүн кызматчы сурап сыйынуу

  10. Бизнес:
    • Эсен, Эркингүл - заказдары келсин, Кудай Ата жаңы идеяларды берсин
    • Алмаз, Гүлсара - кеңейүү, өркүндөө, жаңы идея
    • Гүлжан эже, Элвира - магазин ачуу
    • Гүлжан эже - швейный цех үчүн, ондукту туура берсин, кредитинен кутулсун
    • Гүлнара эже - парфюмерия иши кеңейсин, жаңы идеялар келсин.
    • Лира - ондукту туура берсин, соодасы жакшы жүрсүн
    • Акыл эже, Катя - чачтарач салонуна клиенттер келсин
    • Жолдош - клиенттер келип, кредиттен кутулсун
    • Рустом - иши кеңейсин, клиенттер коп келсин, сапаты өссүн


  11. Иш баштайын дегендер иш баштасын:
    • Айткулу, Жылдыз - үйүн сатып, жер там жана Бус алып иш менен камсыз болсун
    • Айтыш - жаңы иш баштоо, идеяны ишке ашыруу
    • Нурлан - ишке аша турган жакшы идея
    • Жаныбек Жанызак байкенин газета бизнеси өркүндөсүн
    • Аскар Мамбеталиев - Кудай жаңы идеяларды берсин
    • Урмат - окуудан кийин, жумуш тапсын
    • Болот - чарбачылык жүргүзүү боюнча идеясы ишке ашсын
    • Айгүл (ОДС)- үй-бүлөсү толугу Кудайга келсин, түгөй берсин, жумуш
    • Жылдыз- иштерине ийгилик, ТВде жарык болсун
    • Динара - Кудай Ата туруктуу жашай турган жай берсин
    • Турмушка чыга элек кыздар, үйлөнө элек балдар түгөйлөрүн тапсын
    • Кайырбек, Гүлзат - үйлүү болушсун.



ӨЛКӨБҮЗ ЖАНА ӨКМӨТ үчүн СЫЙЫНУУ БАРАКЧАСЫ

Теңир жыйыны, январь 2005ж.

Жакшы Өкмөт Кудайдын эрки 1. Тим. 2: 1-4

Жакшы Өкмөт Кудайдын эркине жооп берет, себеби "Ал бардык адамдардын куткарылышын, чындыкты таанып билишин каалайт".
Сыйынуунун эффективдүү болушу үчүн эң маанилүү фактор - Кудайдын эркин билүү. Эгерде биздин сураганыбыз Кудайдын эрки менен дал келсе, сыйынуубуздун жообун алабыз.
Жакып 1: 6-7де эскертүү бар, шектенген сыйынуу угулбайт.
2 Жакан 14 - 15. Кудай бизге жакшы өкмөттүн келишин каалайт.

I. Забур 74: 5-8
Кудай Ата өлкөбүзгө Анын ысымына даңкты берген Өкмөт жетекчилерин көтөрсүн - деп сыйын!!!

1Жылнаама 29: 12
Даниел 2: 20-21

Кудай бизге падышаны өзү коюп берет.

Рим13: 1-5
Биз ишенимибизге жараша, ошондой өкмөткө татыктуубуз

Машайакчылар өкмөт үчүн сыйынууга милдеттүү, бирок сындаганга укугубуз жок.

Эфестиктерге 6: 10-18
Жалынуу жана сурануу менен, бардык учурда Рух менен сыйынгыла.

    1. Шайлоо учурунда Кудай өзүнөн корккон, Ага жүрөгү жакын адамдарды депутаттыкка шайласын деп, сыйын.
    2. Борбордук шайлоо комиссиясындагы адамдардын жүрөгү үчүн Кудайдын батасын сурап сыйын.
    3. Мамлекеттик Коопсуздук Комитети (КГБ), милиция органдарындагы кызматкерлерге бата сурап сыйыналы, Кудайга жаккандай кызмат кылышсын.
    4. ТВ (Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясы) үчүн сыйын: шайлоо учурунда элге туура информация жетип, элди ынтымакка чакырган берүүлөр менен о. э. журналист, кабарчылар өзүлөрүнүн ишиндеги жоопкерчиликти сезип, чындыкты чагылдырышсын.
    5. Кыргыз элин бөлүп-жарган кара күчтөргө каршы сыйынуу.
    6. Бийлик менен оппозициянын ортосундагы келишпестиктерге Кудайдын мыйзамын жана ырайымын чакыралы, бардык маселелер тынчтык жолу менен чечилсин деп сыйыналы.
    7. Кудай Ата жерибизди, элибизди айыктырып, өзүнүн даңкына алып келсин.

Оомийин!
Бул сыйынуу баракчасына орозо маалында дагы толуктоолор киргизилет.



КУДАЙ КАНДАЙ ОРОЗОГО ЖООП БЕРЕТ

Теңир жыйыны, январь 2005ж.

Накыл сөздөр 28: 9
Ким Кудайдын мыйзамын уккусу келбесе, анда анын сыйынуусу - жийиркеничтүү.

Орозо кармоочулар Кудайдын алдына эки башкы талапты: баш ийүү жана таза ниет аркылуу келишсин. Ыйык Рухка баш ийишибиз жана Ага муктаж экенибизди моюнга алышыбыз керек, таза эмес каалоолордон, өзүмчүл мамилелерден тазалоого Ыйык Рухка мүмкүндүк беришибиз керек.
2 Жылнаама 7: 14

Коллективдүү орозо (орозо кармагандарга салтанаттуу жыйын жарыялоо, өз ара биримдикке чакыруу )
Жоел 1: 14, 2: 12, 15, 16-17, 2: 25,
Ышайа 58: 3-12,
Малахия 4: 2,
Матай 6: 16-18, Матай 18: 19


Сыйынууда бири-бирибиз менен макулдашуу, өз ара тынчтыкты, ынтымакты сактоо, орозо тутуп жаткан адам өзү үчүн сыйына турган адам тапсын.

Орозо маалында орозо кармагандар чогуу бир жерге чогулуп сыйынышсын.
Хабакук 2: 14,


Эфестиктер 3: 20-21.
Биздин ичибизде күчү менен аракеттенип жаткан, сураганыбыздан да же ойлогонубуздан да артык кыла ала турган Кудай Жыйында, Машайак Ыйса аркылуу муундан муунга, кылымдан кылымга даңкталсын. Оомийин!





ӨЗҮҢ ҮЧҮН СЫЙЫН

(он күндүк сыйынуу баракчасы)
Теңир жыйыны, январь 2005ж.

1 - күн: "Ата-бала карым-катнашын оңдо" - деп, жарыяла.
Малахия 4

2 - күн: "Ишенимим жаш баланыкындай болсун" - деп, жарыяла
Матай 18: 1-4, Жакан 1: 17

3 - күн: "Башкалар менен болгон мамилемди оңдо" - деп, жарыяла
Гал. 6: 1-5, Матай 5: 23-25

4 - күн: "Менин эркиндигимди орнот! Тырышкан колдорум ачылсын" -деп, жарыяла
Жеремия 40: 4, Гал. 5

5-күн: "Мени ордума кой. Душман мени ордумдан жылдырууну каалайт. Кудай өзү пландап жайгаштырган жерде бутум турсун" - деп, жарыяла
Жеремия 27: 22

6 - күн: "Кудай менин ден-соолугумду, күчүмдү, кубанычымды оңдо" -деп, жарыяла
Жеремия 30: 17

7 - күн: "Кудай менин эмоциямды, ой - жүгүртүүмдү (эч нерсеге муктаж болбошум үчүн) оңдосун" - деп, жарыяла
Забур 22

8 - күн: "Мен билген (адамдардын аттарын айт) адашкан адамдар, Кудайдын Падышачылыгына келсин" - деп, жарыяла
Лука 15

9 - күн: "Мага берилген ырыскы, мурас толуктукка келсин" - деп, жарыяла
Забур 15

10- күн: "Тоскоолдуктар талкалансын" - деп жарыяла
Аюб 42.




Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz